Талас облустук сотунда администртивдик иштин каралуусуна байкоо журду

добавлен 17 июля 2017 16:30
просмотров 1062

 

 

Талас облустук сотунда 2017- жылдын 13- июль күндөгү каралуучу иштердин тизмеси илинген. Административдик ишти кароо саат 15:00 коюлуп, бирок соттук коллегиянын курамындагылар башка ишти кароодо кеч бүткөндүгүнө байланыштуу сот отуруму 16:00  башталды. Байкоочу сот залына эркини кирип, угуучу катары кирди. Төрагалык кылуучу судья  К. Калиева сот отурумду ачык деп жана эмне иш каралаарын жарыялады. Катчынын сот отурумуна келгендер боюнча докладын уккандан кийин тараптарды паспорт жана суроо берүү аркылуу өздүктөрүн тактады. Тараптардын өкүлдөрүн ишеним каттары аркылуу тактады. Андан кийин соттук коллегиянын курамын жарыялап “Соттук курамга ишеним көргөзөсүздөрбү?”,- деп сурады. Судья К. Калиева сот отурумга айыл өкмөттүн өкүлү  келбегенине байланыштуу анын катышуусу жок ишти кароо боюнча тараптардан оюн сурады. Доогер тарап айыл өкмөт өкүлү катышуусу керектигин белгиледи, жоопкер тарап ишти карай берүүнү суранды, Мамлекеттик каттоонун өкүлү бул суроону  соттун кароосуна калтырды. Судьялар өз ордунда кеңешип, айыл өкмөттүн катышуусу жок ишти кароону чечишти. Төрагалык кылуучу судья  тараптардын укук- милдеттерин түшүндүрүп, ишти териштирүүгө өтүп тараптарга жана алардын өкүлдөрүнө сөз берди. Андан кийин чакырылган 2 күбөнү залга бирден чакыртышып жалган күбөлүкө өтсө жоопкерчилике тартыла тургандыктарын эскертишип,   иш боюнча суроо беришти. Жыйынтыгында соттук коллегия кеңешүү бөлмөсүндө   30 мүнөттөн ашык убакыт откорду. Иш боюнча чыгарылган  чечим угузулуп, сот отуруму жабык деп жарыяланды.