Сот тарабынан мыйзамдаштырылган эки тараптын элдешуусу

добавлен 10 июня 2017 12:38
просмотров 1454

 

 

Биздин  «Коомдук иликтөөлөр институту» коомдук бирикмесине Жалал-Абад шаарынын тургуну Абдыкадыров  Ш. кайрылган.  Абдыкадыров Ш. Жалал-Абад облустук сотунда кассациялык тартибинде мөөнөттү калыбына  келтирүү жөнүндөгү арызы канааттандырылуусуз калтырылган. Аныктамага нааразы болгон Абдыкадыров Ш. көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кайрылган.  

Кыскача иш боюнча: Ш. Абдыкадыровго 2009-жылы 17-январындагы №42-токтомунун негизинде  Жалал-Абад шаарынын Тайгараев көчөсүнүн 19-үйүнүн, 1-батири берилген, бул документтерге  кошумча Абдыкадыровго ордер жазылып, ага ылайык жашоо аянты 49,7 кв.м.деп бекитилген.  Турак жайдын ээси Ш. Абдыкадыров болуп эсептелинет. Ал эми доогер Б. Исраиловага аталган турак-жайдын 11 чарчы метр бөлүгү 2005-жылы 5-октябрда мыйзамсыз эч бир далили жок эле (мундан мурун доогер Исраилова Б. Кылмыш Жаза Кодексинин 166 беренеси менен жоопкерчиликке тартылган) №-823 сандуу ордери менен жазылып жана токтому чыгыптыр, бирок  ал учурда аталган турак-жай муниципалдык менчике өтө элек болчу, 2008-жылы гана соттун чечими менен менчигине өткөн.

Жалал-Абад облусунун райондор аралык  сотунда бул иш каралып жатканда мэриянын өкүлү бул талаш турак-жай Ш. Абдыкадыровдун наамына бекитилген, жана ошондой эле Жалал-Абад шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын өкүлү да мыйзам чегинде талаш болгон үй Ш. Абдыкадыровтун атына идентификациялык №-3-10-02-0008-0035-01-002 коду менен катталган,  катталган номерди  өзгөртүүгө болбойт деп көрсөтмө беришкендерине карабастан,   төрагалык кылуучу судья Айжигитов А. А. доогер Исраилова Б. менен жоопкер Абдыкадыров Ш. ортосунда тынышуу келишимин түздүргөн. Тынышуу келишиминде Ш. Абдыкадыровдун колу коюлбаганына карабастан Жалал-Абад облусунун райондор аралык соттунун аныктамасы менен бекитилген.

Бул соттон кийин Абдыкадыров Ш. – Судья А. Айжигитов атайылап мени өзүнө чакырып, алдап, эгерде сен түзүлгөн тынышуу келишимине кол коюп бербесен үй жайынан толугу менен ажырайсын деп алдоонун, коркутуунун астында, тыныгуу келишиминин түзүлүшүнө мажбурлаган деген  фактылар менен прокуратурага  кайрылган (прокуратуранын жообу).

 Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2014-жылдын 5-августунда чыгарылган  аныктамасынын негизинде Жалал-Абад шаардык мэриясы  2009-жылдын 17-январында №42 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизген. Ага ылайык 11 чарчы метр Б.Исраиловага берилип, ал эми   өзгөртүү  киргизилгенден кийин Ш.Абдыкадыровго  38,7 чарчы метр бекитилген.

Жалал-Абад облустунун райондор аралык соттунун аныктамасы менен Абдыкадыров Ш. макул болбой Жалал-Абад облустук сотуна 2017-жылдын февраль айында мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө кассациялык даттануу берген. Ишти Жалал-Абад облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы караган. Соттун курамы төрагалык кылуучу Абдраимов А. Ж. судьялар: Султанканов Б. жана Калыков Б.У.  Тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, соттук коллегия мөөнөттү калыбына келтирүү боюнча арыз, кассациалык даттануу берүүгө мөөнөт өттүп кеткенине байланыштуу (6 ай), Ш. Абдыкадыровдун арызын канаатандырылуусуз калтырган.

Азыркы учурда Абдыкадыров Ш. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна Жалал-Абад облустук сотунун 2017- жылдын 29-мартында чыгарылган аныктамасына көзөмөл иретинде арыз менен  кайрылууда.