Талас облусунун Райондор аралык сотунуна байкоо журду

добавлен 06 июня 2017 12:26
просмотров 1220

 

 

Судья Н.  К. Нартаевдин 2017 - жылдын 1 июнь күнгө коюлган каралуучу иштеринин тизмеси илинген. Тизме боюнча саат 15:00 коюлган ишке байкоо жүрдү, сот отуруму белгиленген убакта башталды. Төрагалык кылуучу сот отурумун ачык деп жарялады жана эмне иш каралаарын окуду. Байкоочуга процесске катышууга  эч кандай тоскоолдук болгон жок. Катчынын сот отурумга келгендер тууралу маалыматынан кийин, судья сот отурумунун курамын жарыялады. Судья  катышуучулардын укук - милдеттерин түшүндүрүп, жоопкер сот отурумуна келе албастыгы жана сот отурумун башка күнгө жылдыруу жонундо өтүнүчүн окуп, катышуучулардын оюн отунуч жонундо сурады. Катышуучулар сот отурумун баштап, териштирүү иштерин жүргүзө берүүнү өтүнүштү. Төрагалык кылуучу жоопкердин катышуусу жок толук кандуу ишти кароо болбостугун белгилеп, жоопкердин өтүнүчүн канаатандырып, сот отурумун 6 июнь саат 15:00 жылдырды.