Пресс- релиз 28.02.2012: Атайын сот отурумдарын мониторинг жургузуу аркылуу сот системасын реформалоо

добавлен 29 февраля 2012 13:53
просмотров 801

 

 

 

Катышуучулар: Нурбек Токтакунов -  Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү

Мамбетов Сабыржан – жарандык кеңештин коомдук кабылдамасынын юристи

Давлетбаев Жанабил – Коомдук иликтөөлөр институту

 

Жарандык кеңештин коомдук кабылдамасына соттордун ишине жана алардын чечимдерине даттануулардын түшүүсү  уланууда. Бүгүнкү күндөө коомдук кабылдамага 679 адам кайрылды, анын ичинен 272си документ менен кайрылган. Жалпы кайрылгандардын ичинен 80 пайызы бул сот териштируусу бир жылдан ашык болуп кеткендер. Бишкек шаарында жайгашкан жети сотто журуп жаткан жалпы мониторинги -  сот теришитируусун негизсиз созуу сыяктуу көйгөйлөрду корсотту.

Азыркы кундө байкоо жүргүзүлгөн  937  сот отурумунун  635 иши жылдырылган, бул жалпы сот отурумунун 68% тузөт. Бул көрсөткуч  Ленин  райондук сотунда 87% ды тузөт.Жогорку Сотто кийинкиге жылдырылган иштер 46% тузөт. КРда сот практикасы сот отурумунун тыныгуу жарыялоо  менен ишти жылдыруунун айырмасынын билбейт, ушундан  улам  иштердин  көбүнчөсү  кийинкиге жылдырылат, ошону менен жарандардын сот териштирүүсүнүн  тез чечүү укугу тебеленип жатат.

Сот териштирүсүнүн ачык айкындыгы чечилген, анткени угууга белгиленген иштердин тизмеси  илинет,  бир  гана Октябрь райондук сотунда бул көрсөткүч  79% түзөт.  Бул  жарандык кенештин коомдук кабылдамасына  келген жарандардын сот отурумун байкоо жургузуү үчүн  барганда  тизмеден таба албай койгондугунан белгилүү болгон.

Сот орундарын бош деп жарыялап, сот системасын жанылоосуна Жарандык кенеш  каршы пикирде, бул жаңылоону  “тең салмактулук” принцибин киргизүү жана жарандык көзөмөлүн күчөтүү менен чечсе болот деп эсептейт. Ошондуктан Жарандык кенеш сот процесстерин мониторинг жүргүзүнү улантат, коомго маанилүү кызыкчылыгы бар иштерди жана сот чечимдерин байкоо жүргүзөт жана коомдук пикир жаратат. Биздин кабылдамага түшкөн иштердин фабулаларын  маңызын биздин сайттан тапсаңыз болот www.koom.kg

Ушул себептен Жарандык кенеш эксперттерди бул процесске аралашып, соттордун чечимдерине сары эсеп салуу үчүн профессионалдардын аянтчасын түзүүгө чакырат. Жарандарды чакырып кетебиз, эгер сиздердин укугунар бузулса Жарандык кенешке кайрылыныздар, биз   баарыбыз бириккенде кана сот системасын жаңылонуу жолго салалабыз.

 

Коомдук кабылдаманын дареги: Бишкек шаары, Манас пр,16 ( Москва көчөсүнүн кесилишинде) 102 бөл, тел. (0312) 316232 , E-mail: koom.kg@gmail.com . Веб сайт www.koom.kg 

Система Orphus