Жети-Огуз райондук сотуна байкоо жургузуу

добавлен 18 апреля 2017 09:48
просмотров 1600

 

 

2017-жылдын  11-апрелинде  Жети-Огуз райондук  сотуна байкоо жургузулду.

Жети-Огуз райондук сотунун абалы жакшы, бирок контролдук откоруу пункту жок. Байкоочу эч кандай тоскоол жок соттун имаратына кирди. Штат боюнча сотто 3 судья каралган. 3 судья иштейт. Торага - Бекбулатов Айбек Бектурсунович, судьялар: Шаршеев Адилет Нуркамильевич, Чоткараев Тилек Устабаевич.

 Баардык судьялардын сот отурумдарынын тизмеси илинген.

  Соттун  имаратында  тораганын кабылдамасында  гана видеобайкоо орнотулган.  Баардык компьютерлик жабдуулар интернет булагына  туташкан.

Тизме боюнча Жети-Огуз райондук сотунун судьясы Шаршеев Адилеттин  кароосуна саат 11-30 га жарандык иш коюлган. Ал жарандык иш белгиленген убакта башталды.  Байкоочу соттук процесске  судьянын макулдулугу менен кирди. Торагалык кылычуу кандай иш уланып жаткандыгын жарыялады. Сот отурумуна кимдер келишкендиги тууралуу  жонундо катчы доклад берди. Сотко доогер жана анын  ишеним каттын негизинде окулу жана жоопкердин ишеним каттын негизинде окулу келгендигин, ал эми жоопкер белгисиз себептер менен келбегендигин билдирди.  Торагалык кылуучу тараптардан иш боюнча кандай отунучтору бар экендиги тууралуу сурады.  Доогердин ишеним каттын негизиндеги окулу сотко отунуч менен кайрылып, жоопкердин озуно тактоочу суроолор бар экендигин, жалгыз окулу менен ишти кароо мумкун эмес болуп жаткандыгын билдирип, ишти башка кунго жылдырып берууну отунду. Судья отунуч боюнча тараптардын пикирин сурап, соттук отурумду 2017-жылдын 17-апрелге калтырылды.