Кызыл-Кыя шаардык сотуна мониторинг

добавлен 17 апреля 2017 09:44
просмотров 1247

 

 

2017-жылдын 5-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык сотуна мониторинг жургузулду. Бул сотто уч судья иштейт, алардын экоосунун А. Адимов жана Н. Аматовдун кароосундагы иштердин тизмеси жаныланып илинген. Ал эми торага М. Бекишова окууга кеткен.

Ушул куну саат 10:00 го коюлган  судья А. Адимовдун кароосундагы Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин  299, 226, 375 беренелери менен айыпталуучу У. Насыровдун  кылмыш иши белгиленген. Сот отуруму оз убагында башталган жок, себеби мамлекеттик айыптоочу кечигип келди. Саат 11:00 до башталган сот процессин ачык деп жарыялап, чакырылган куболорду сурап, соттук териштируу башталды. Жактоочулар тарабынан чакырылган эки кубо суралып, андан кийин мамлекеттик айыптоочунун отунучу менен чакырылган куболор Улуттук Коопсуздук Комитетинин кызматкерлери алыстан келгенине байланыштуу кечигип жаткандыктан судья А. Адимов сот отурумуна саат 14:00 го чейин танапис жарыялады. Саат 14:00 до улантылыш керек болгон сот отуруму конвой менен соттолуучунун кечигип келип, жарым саатка кеч башталды. Кийинки келген Улуттук Коопсуздук Комитетинен эки кубо да суралды. Жактоочулар иш боюнча далилдерди корсотуп берсин деп тергоочунун сот процессине катышуусун отунуч келтиришти, бирок судья отунучту канаттандыруусуз калтырды. Сот отуруму жабык деп жарыяланып, 2017-жылдын 11-апрель саат 9:30 улантылаарын билдирди.