Талас облусунун Кара – Буура райондук соту

добавлен 05 апреля 2017 17:23
просмотров 1466

 

 

Кара- Буура райондук сотунунда 2017- жылдын 5- апрелинде байкоо жүргүзүү учурунда имаратта оңдоо иштери аяктап жатканын байкадык.

Мониторинг судья Ахунов Токтогул Букарбековичтин жазык ишти кароосуна жүргүзүлдү. 2017- жылдын 5-апрелиндеги карала турган иштердин тизмеси илинген эмес. Судья жарандарды кабыл алып жатышына байланыштуу, сот отурум өз убагында башталган жок.  Сот процесси судьянын кабинетинде  өттү, байкоочу тоскоолдуксуз иштин жүрүшүнө көз салды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялап, жазык кодексинин 247- беренесинин, 1, 2- бөлүмү боюнча  жазык иши каралаарын угузду. Катчы соттолуучунун келбегенин, бирок анын жактоочусу жана прокурор келгендиги тууралу судьяга доклад жасады. Судья сот отурумунун курамын жарыялабастан жактоочуга соттолуучунун эмне себептен  келбегенин сурады. Жактоочу соттолуучу ооруп,  больницага жатып калганы тууралу айтып, бирок азырынча справка көргөзө албастыгын белгилеп, судьядан сот отурумун жылдырып берүүсүн өтүндү. Судья жактоочунун өтүнүчүн канаатандырып 2017-жылдын 10- апрелине, саат 11:00го чейин сот отурумуна тыныгуу жарыялады.