Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотуна мониторинг жургузуу

добавлен 31 марта 2017 15:57
просмотров 1405

 

 

2017-жылдын 15-марттында  Нарын облусунун  Ат-Башы райондук сотунда мониторинг жүргүзүлдү. Ат-Башы райондук соттунун штаттык курамы  эки судьядан турат, төрайымы Киналиева Жыпаркул жана судья Бердибаев Бакбуркан. Эки судья тең жаңы дайындалган,  соттук тажрыйбасы жок.

15-мартта саат 11-00до Ат-Башы райондук соту А. Дуйшөнбиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча (КЖК 164-б, 2-бөлүгү, 3-пункт) соттук  ишти  карады. Бул процесс  сот отурумдарынын тизмесинде көрсөтүлгөн. Сот тарабынан баардык нормалар сакталды, сот иши кечикпестен өз убагында болду. Жактардын бул иш боюнча  тынчтык келишимине келгенине байланыштуу,  иш өндүрүштөн кыскартылды.