2017-жылы 10-мартта Кызыл-Кыя шаардык сотуна байкоо жургузулду

добавлен 10 марта 2017 16:59
просмотров 1596

 

 

2017-жылдын 10-март күнү Кызыл-Кыя шаардык сотуна байкоо жүргүзүлдү. Сот отурумдарынын тизмеси илинген. Судья Аматов Нурлан Тологонович окууга кеткенине байланыштуу, анын кароосундагы иштер жаныланган эмес.
Кызыл-Кыя шаардык соттун төрайымы Бекишова Махабат Таныбековнанын кароосундагы  саат 10:00го белгиленген жарандык иш өз убагында башталды. Процесстин катышуучуларын катчы тааныштырды, судья кандай иш каралып жаткандыгын жарыялап, өтүнүчтөрдү сурады жана укук милдеттерди түшүндүрдү. Юридикалык никени бузуну канааттандырып, Уй-бүлө кодексинин 22-беренесинин талабына ылайык жубайлардын никеси сот тартибинде бузулду.

Ушул күнү саат 9:00го коюлган, судья А. Адимовдун кароосундагы никени бузуу жөнүндөгү жарандык иш өз убагында башталган жок жана жоопкер келбегендиктен кийинкиге калтырылды. Судья А.Адимовдун төрагалыгында саат 9:30га коюлган материалдык жана моралдык зыянды өндүрүү жөнүндө сот отуруму да тараптар келбегендиктен 2017- жылдын 17-мартына калтырылды.