Жазык мыйзамдын гуманизациясы кимге керек?

добавлен 14 апреля 2015 13:48
просмотров 1862

 

 

Акыркы кундордо коомчулукту дурбөткөн, аялдарга зомбулукту корсоткон коп фактылар катталып жатат. Ошондой иштердин бирин бул макала менен корсотолуу деген ой болду, анткени  бир четинен мындай корунуштор азаюсун калайбыз, экинчиден дегеле ушундай нерсе, эмнеден кобоюп жатканын ойго салуу учун.

9-декабрь 2014-жылы Ак-Суу районунун соту Соодонбеков С.К. окуму менен О. Солтоев Кыргыз Республикасынын КЖКнын 97-бер. 2-бол. 6-п. менен куноолу деп табылып, бул боюнча омур боюу эркиндигинен ажыратылып, уй-мулку конфикацияланган. Жазасын кучотулгон тартиптеги тузотуу абактарында отоосу белгиленген (окум).

Соттолуучу О.Солтоев ото оор адамга жат болгон кылмышты жасаган, тактап айтканда: Ушул 2014- жылдын 26-август куну ошол эле уй-булоосу менен жашаган уйдон, эки кенедей кыздын энеси башкача айтканда О.Солтоевдин омурлук жары Н.Омуралиеваны озгочо мыкаачылык менен атайылап, мазактап, олтургон. Уйунун конок болмосуно чакырып келип, ар кандай шылтоо менен уруш чыгарып, Н.Омуралиеваны башы менен тамга чаап, ал эсин жоготуп жатып калгандыгынан пайдаланып, кол аарчыгыч менен муунтуп, андан кийин эки колунан алып тышка короого суйроп чыгып, сарайынынын ичине алып кирип, уйунун подвалында турган бензопиладан бензин куюп алып, алсыз, эсин жоготуп жаткан Н.Омуралиеванын денесине чачып, озу кылган кылмыш аракетинин иизин жашыруу максатында орттоп жиберген. Ошол учурда Н.Омуралиева тируу алсыз, эсине келе албай жаткан, кийими жана денеси куйгондон кийин ошол эле уйдун огородуна алып барып, комоордо, эсине келип кыймылдаганда, уйунон кичине балтаны алып келип, башын балта менен жара чаап олтургон. Андан кийин олукту огороддо жыйналып турган куурайлар менен комуп коюп, андан кийин балтаны, кол аарчыгычты, озунун устундо кийинип жургон кийимдерин сууга ыргытып жиберип, ал эле эмес эчнерсе болбогондой кылып уйдун ичин, болмолорун жууп тазалап коюп, андан кийин огородунун башында агып жаткан Ак-Суу суусуна эчкимге корсотпой туруп Н.Омуралиеванын жансыз денесин ыргытып жиберген, баарын бутургондон кийин, эчнерсе билбеген киши болуп кочодо ар бир тааныш адамдан аялымды кордунорбу деп калп шылтоолорду айтып, издемиш болуп жургон. Бирок тилекке каршы анын озунун озгочо мыкаачылык менен жасаган кылмыш иизин жашыруу тилеги ишке ашпай калган. Себеби ошол куну кундуз Н.Омуралиева Каракол шаарына барып базардан озунун 3 жаштагы кызы А.Орозбековага кочкул кызыл тустогу костюмчик сатып берген экен, ошону сатып алынганын коргон адамдар болгондуктан соттолуучу О.Солтоедин куноосу толук далилденген, эгерде ошол куну кызына сатып берген костюмчиги болбогондо О.Солтоевдин куноосу далилденбей калмак. Себеби ал соттолуучу О.Солтоев Н.Омуралиева 2014-жылдын 26-августу куну озу жашаган уйго жумушка кеткен бойдон келген жок деп тергоочулордун, жана биздин оюбузду башкага буруп кылмыш бетин ачуусуна коптогон тоскоолдуктарды жараткан, озу жасаган кылмышты озунон башка адамдарга оодаргысы келген.

17-февраль 2015-жылы Ысык-Кел областык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулары жонундогу иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: терагалык кылган Рыскулова А, Б.; судьялар: Акматов Т.К. жана Асаналиев Ж.А. ачык соттун отурумунда Ак-Суу райондук сотунун 2014-жылдьш 9 декабрында Солтоев О. жонундо чыккан окумуно апелляциялык тартипте келтирген арызы боюнча кылмыш ишин карап чыгып соттук коллегия окум кылды – Ак – суу райондук сотунун 2014 - жылдын 9-декабрындагы Солтоев Омурбек Орозбекович жонундогу окум озгортулуп,  20 (жыйырма) жыл эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленсин…(окум).

Ысык-кол областык сотунун 17-февраль 2015-жылдагы окуму менен каза болгон Н.Омуралиеванын ата - энеси жана бир туугандары макул болушпай Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулары жонундогу иштер боюнча соттук коллегиясына козомол иретинде даттануу менен кайрылшты.

Соттолуучу О.Солтоевдин биринчи инстанциялык соттун сот отурумунда берген, жана тергоо амалдары журуп жатканда берген корсотмосуно, иштин ичинде топтолгон материалдар менен соттолуучунун бул кылмышты озгочо зоокурлук менен жасагандыгы жонундо эч маани бербестен тактап айтканда соттолуучу тарапка женилдик беруу менен бир тараптуу чечилгендиги корунуп турат, себеби апеляциялык инстанциянынын сот отурумунда жабырлануучу тарапка соз бербестен эчнерсе айттырбай, тыйып, уккулары да келген жок, куболору жок деген шылтоо менен сот отурумун кийинкиге калтырышып,кийинки сот отурумуна куболорду камсыз кылып, алардын берген корсотмолоруно дагы маани берилген жок. Апелляциялык инстанциядагы сот ишти бир тараптуу карап биринчи инстанциядагы соттун окумун озгортуу максатында мурда тергоо учурунда дагы, биринчи инстанциядагы соттук кароо учурунда дагы., ошондой эле апелляциялык инстанциядагы соттук кароо учурунда дагы соттолуучу айтпаган создорду айтты деген коз боемочулукка жол берди. Ошондуктан Ысык-Кол областык сотунун аталган окуму негизсиз жана томонку негиздер менен бузулууга жатат.

Бугунку кундо каза болгон Н.Омуралиеванын эки кенедей кызы энеси жок, атасы жок жетим калышты, ошол эки кыздын, жана чонойтуп остургон ата - эненин коз жашы убал сообу кимге. Озунун омурлук жары, кызынын энеси Н.Омуралиеваны озгочо оор кылмыш жасаган, адамга коомго ото коркунуч алып келген О.Солтоев келечекте кандай адам болот, бул адам адамдык сапаттан кетип калган, ошондуктан Ак-Суу райондук соту тарабынан СОЛТОЕВ ОМУРБЕК ОРОЗБЕКОВИЧКЕ карата туура чара корулуп, туура окум кабыл алынган деп биз эле эмес бутундой Ак-Суу районунун эли эсептейт. Ошондуктан Ак-Суу райондук соту тарабынан 09-декабрь 2014-жылы чыккан окумду толугу менен кучундо калтырууну, ал эми Ысык-Кол областык сотунун башкача айтканда апелляциялык инстанциянынын 17-февраль 2015-жылы чыгарган окумун жокко чыгарууну каза болгон Н.Омуралиеванын ата - энеси жана бир туугандары коптон коп суранып, отунобуз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулары жонундогу иштер боюнча соттук коллегиясы козомол иретинде бул ишти 15 апрелде саат 9.30 карайт.