«Жайшуль Махди» террордук уюмунун иши боюнча тыныгуу жарыяланды

добавлен 26 сентября 2014 12:58
просмотров 881

 

 

Бишкек шаардык сотунда «Жайшуль Махди» террордук уюмунун иши боюнча тыныгуу жарыяланды. Жогорудагы жазык ишин кароо боюнча соттук процесс 2014-жылдын 9-октябрында, саат 10:00дө уланмакчы. Учурда күбөлөр сурак берүүдө. 

Кыргыз Республикасынын КЖКнын 231-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу), 231-беренесинин 2-бөлүгү, 229-беренесинин 1-бөлугү (Мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу), 229-беренесинин 2-бөлугү, 242-беренесинин 1,2-бөлугүнүн 1-пункту жана 2-пункту (Куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо), 241-беренесинин 1,2,3-бөлугү (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү), 226-беренесинин 1,2-бөлүгүнүн 1-пунктунун 3-бөлүгү (Терроризм), 28-беренесинин (Кылмыш далалаты) жана 97-беренесинин 1,2-бөлүгүнүн 1,5,9,15,16 пункттары (Киши өлтүрүү) жана башка боюнча айыпталган Э. Абдрахмановго, Б. Кенжегуловго, А. Коргонбековго, И. Усекеевке, М. Доолотказиевке, С. Асировго, А. Хаматовго, Д. Турдалиевке, Д. Батырбашиевке жана М. Чекирокоевке койгон айыптоолор боюнча жазык ишин Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы кароодо. 

2013-жылдын 16-июлунда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту ачык соттук отурумунда «Жайшуль Махди» террордук уюмунун 13 адамына карата жазык ишин карап, алар Кыргыз Республикасынын КЖКнин бир нече беренелери менен күнөөлүү деп табылышкан. Октябрь райондук сотунун өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун www.jogorku.sot.kg сайтынан же болбосо төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаӊыздар болот –  http://www.jogorku.sot.kg/ru/news/prigovor

Эске салсак, 2010-жылдын 30-ноябрында саат 8:56да Бишкек шаарындагы Рыскулов көчөсүндөгү Кожомкул атындагы спорт сарайынын түндүк тарабына С. Исламовдун башчылыгы астындагы «Жайшуль Махди» террордук уюмунун – кылмыштуу коомдоштуктун мүчөлөрү, ошол жерде жүргөн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүү максатында, колдо жасалган жардыруучу түзүлмөнү колдонуу менен аны канализациялык кудукка салып жардырышкан.

19нан 20сына караган түнү Бишкек шаарынын Манас проспектисинде курулуп жаткан  «Московия» үйүнүн аймагында Д. Кыдыралиев жана башкалар А. Алфёров атуу жарандын автоунаасына ээлик кылып, автоунааны өздөрүнүн кийинки кылмыштуу иштерине колдонуу үчүн өлтүрүшкөн.

2010-жылдын 24-декабрында жогорудагы кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү үч «Калашников» автоматтарын колдонуу менен АКШнын жараны Нортон Женил Ричардды коркутуп, анын Сокулуктагы үйүнө кол салып, автоунаасын жана башка мүлкүн уурдашкан.

2010-жылдын 25-декабрында, болжолдоп айтканда, түнкү саат 3тө жогорудагы адамдар колдо жасалган жардыруучу түзүлмөнү уурдалган автоунаанын багаждык бөлүгүнө салып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүү максатында, Бишкек шаарынын ИИББнын негизги кире беришинин бет маӊдайына коюшкан.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы

www.jogorku.sot.kg

www.sot.kg