ОШТО СОТ ЖАРДАМЧЫСЫ МИН СОМ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

добавлен 30 мая 2014 16:25
просмотров 1504

 

 

2014-жылдын 27-майында Жалал-Абад облусунун тургуну, 1988-жылы туулган Т.Т. аттуу келин Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайылган. Анда «күйѳѳм менен ажырашуу үчүн Ош шаардык сотуна кайрылсам, ал жерде иштеген кызматкер бул иш 1000 сомсуз бүтпѳйт, акча таап келесиң» деп жатканын айткан.

ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, арыз ошол эле күнү Ош ШИИБнин кылмыш каттоо китебине катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Ош ШИИБнин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акчаны алып жаткан учурда Ош шаардык сотунун судьясынын жардамчысы, 1989-жылы туулган С.Т. аттуу жаран кармалды.

Шектүү учурда үй камагында, тергѳѳ амалдары жүрүп жатат.

Маалымат: http://www.tushtuk.kg/