Кыргызстанда кадр саясаты онолобу? (Каракол шаарынын мэриясындагы сот талаштары)

добавлен 01 октября 2013 14:39
просмотров 1768

 

 

Туруспаев Айтибек Дюшакунович 2003 жылы Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматына дайындалган. 2005 жылы Акаевдин бийлигин кетиргенде Туруспаевди ээлеген кызматынан, сен Акаевдин кишиси болосуң, деп кетиришкен. Бирок бул маселени сотко берип, Туруспаев жети айдан кийин сот аркылуу кайра кызмат ордуна келген.

2010 жылы апрель окуядан кийин, сен Бакиевдин кишиси болосуң, дешип Туруспаевди кайра жумуштан кетиришип ордуна Рыспаев Э.Т. кызматка дайындалган. Ал кантип бул кызматка келгени жана апрель революциядан кийин биздин мамлекетте кадр саясаты кандай экендигин тастыктаган документ бул жерде.

Туруспаев кайрадан сотко кайрылууга мажбур болгон.

Сот териштирүүсү:

20.10.2010 жылы Ысык Көл областынын Каракол шаардык соту, курамында: М. Азимжанов бул ишти карап Каракол шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси кызматынан бошотуу жөнүндөгү буйругу жокко чыгарылсын, деп Туруспаев Айтибек Дюшакуновичти мурунку аппарат жетекчиси кызматына кайрадан калыбына келтирилсин, деген чечим чыгарган. Чечим бул жерде.

24.09.2012 жылы Ысык Көл облустук сотунда: А.Эркебаев, М. Арабаев жана Д. Сакеев курамында Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучунун апелляциялык даттанусун канааттандыруусуз калтырылсын, деп аныкташкан. Чечим бул жерде.

 

P.S. Эми бул иш көзөмөл иретинде 2 октябрьда Жогорку сотто каралат экен. Бул тигил президенттин кишиси, деп кызматтан алып салуу Кыргызстанда токтойбу же өрчүйбү, аны Жогорку сот чечет.