Бул сот отурумунан кийин Кыргызстанда жашаш коркунучту болуп калды.

добавлен 23 июля 2013 14:34
просмотров 1347

 

 

29 апрель 2013 жылы Бишкек шаардык сотунда Ж. Мамбеталы, М. Сатиев, Д. Момунов соттук курамында биз мурунтадан жазып келе жаткан иш каралды.

Бул иштин башы 2009 жылдан бери келе жатат. Киши өлтүрүү боюнча айыпталып жаткан балдар, биринчи жана апелляциялык соттук инстанцияларда кылмыш ишине тиешеси жок, деп акталышкан (июль 2010 жылы).

Ошону менен бирге, балдардын ата энелери кармаган милиса кызматкерлерине кызмат абалы менен пайдаланып, адам өмүрүнө коркунуч тудуруп, кыйно беренеси менен кылмыш ишин козготушкан (март 2011 жылы).

Ошондон баштап милиса кызматкерлери өз «мундирин» сакташ үчүн көп деген аракеттерди көрүштү. Акталып чыккан балдардын ишин Жогорку сотто буздуруп кайра кароого  биринчи инстанцияга жиберишти.

Анча болбой сот реформасын кылабыз деп, Кыргыз Өкмөтү сотторду алмаштыра башташат.

Биринчи инстанцияда Ленин райондук сотунун судьясы Г. Аденова бул ишти карап балдар кылмыш ишти жасашты, деп таап чыккан. Бул ишти карап жатканда жалаң кана милиса кызматкерлерин сурака алып, бул кылмыштын үстүнөн чыгып, милиса кызматкерлерин чыкырган күбөөнү сот отурумуна чакырбай, анын көрсөтмөсүн алган эмес.

Анан иш Бишкек шаардык сотуна барганда, соттук курам төрт жолу өзгөрүлгөн, аягында «жаңы» соттор тандалгандан кийин Ж. Мамбеталы, М. Сатиев, Д. Момунов соттук курамына түшкөн.

Буга чейин, бул ишти шаардык прокуратурасынын прокурору Шаршеева көзөмөлдөп келген, бирок ал милиса кызматкерлердин сөзүн сүйлөп, бир тарапту көз карашын көрсөткөнүнө байланышту, балдар прокурорго ишенбөө көрсөтүп, бул иштен чектетилген. Жаны сот курамы бул ишти карай баштаганда,  прокурор Абдразаков бул ишти алып барган, бирок чечим чыгара турган күнү прокурор Шаршеева кайра ишке кирип, соттук коллегиядан, балдар кылмыш жасаганы бул соттук отурумунда аныкталды, деп сотко өтүнүч келтирген.

Жаны шайланган соттор бул маанилүү ишти карап жатып, эң негизги күбөөнүн көрсөтмөсүн карабастан, кыйноого катышы бар, деп шектелген (Октябрь райондук сотунда кыйно боюнча иш каралып жаткан) беш милиса кызматкерлерин сурап, балдар кылмыш жасаган, деп чечим чыгарышты.

Милиса кызматкерлери көрсөтмө берип жатканында, ар кими ар кандай көрсөтмө беришкен. Бирөөсү кармаганда балдардын кийими таза болгон десе, экинчиси алардын кийими кан болчу, деп аныкташты. Эмнеге сот мындай келишпестике көңүл бурбай, бир соттук отурумунда эле шашылыш чечим чыгарып беришти.

Ушундан улам караңгыда көчөдө калсан, милисалар калааган айыпты мойнуңа илери бышык болуп калганы кишини өкүндүрөт. «Жаңы» деп ишеним артып жаткан соттордун иш ыкмалары эски болуп жатса, анан кантип чындыка жетебиз.

P.S. Кайдан эми акыйкат издейбиз, деген суроо тулат?