Кыргызстандын 2 соту Ашхабадка сапар тартат

добавлен 20 ноября 2012 10:29
просмотров 753

 

 

 

Бүгүн, 2012-жылдын 20нан 21- ноябрына чейин Ашхабад шаарында (Түркменистан Республикасы) «Транзит өлкөлөрү, адамдарды сатуу жана мигранттарды мыйзамсыз ташып келүү тууралуу сот иштерин кароо тармагында тажрыйба алмашуу» темасында  регион аралык иш семинары болуп өтөт.

Семинардын уюштуруучусу - Борбор Азиядагы Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулук Башкармалыгынын Регионалдык өкүлчүлүгү.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Бокоев Каныбек жана Бишкек шаардык сотунун судьясы Дуйшенбекова Гульнара  катышышат. Жогорку Соттун судьясы К. Бокоев адамдарды сатуу жана мыйзамсыз миграцияны уюштуруу кылмыш иштеринин обзору тууралуу доклад жасайт.

Маалыматтын булагы: Жогорку Соттун Басма сөз кызматы.