Жогорку сотто видео жана аудио фиксация тутумдары иштей баштады

добавлен 16 ноября 2012 11:14
просмотров 1841

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун сот отуруму өтүүчү 3 сот: жарандык иштер, административдик жана экономикалык иштер, жазык иштер жана административдик укук бузуу иштери залдарында видео жана аудио фиксация тутумдары иштей баштады.

 

Бул жаңылануулар Кыргыз Республикасында сот реформаларын ишке ашыруу максатынын алкагында жасалган иштер. Бул тутум өтүп жаткан жыйынды толукүнү менен тартууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, тартылган жыйындын видеосун үнү менен башка санарип дисктерге көчүрүп жазууга болот.  Аудио жана видео фиксаторлор сот процессине катышкандарды да, судьяларды да тартипке салат.

 

Бүгүнкү күндө, Бишкек шаарынын 2 районунда, тагыраак айтканда, Свердлов жана Октябрь райондук сотторунда да аудио жана видео фиксация тутуму иштейт.

Маалымат булагы: Жогорку Соттун Басма сөз кызматы