Нарын облустук сотуна мониторинг жургузуу

добавлен 20 июня 2017 11:25
просмотров 1479

 

 

2017 - жылдын 14 - июнь куну   Нарын облустук сотуна доогер Н. у. Э. кызматына кайра калыбына келтируу жонундо Нарын шаардык сотунун 2017-жылдын 17- апрель куну чыгарылган чечимине   апелляциалык даттануу менен кайрылган. Ишти  жарандык  иштер боюнча  соттук коллегия төрагалык кылуучу- Т. Ташманбетов, судьялар: А. Орозалиев, М. Байышов  курамында карады. Соттук процесс  саат 10:00 белгиленгенине карабастан,  доогер тарап,  Нарын облусунун ИИБнин мыйзамдуу окулдору - милиция кызматкерлери  40 минутко кечигип келишти. Сот отурумунун убактысы, тизмеде коргозулгон. Торага сот отурумун ачык деп жарыя кылып, кандай иш каралааары жонундо  маалымат бергенден кийин, сот отурумунун катышуучуларын тактап, катышуучулардын сот курамына ишти карашына каршы эместиктерин аныктады жана катышуучулардын укук милдетерин тушундуруп берди. Тараптардын отунучторун сурап, доогер тарапка соз берди.  Н. у.  Э. Нарын облусунун  Жумгал районунда милиция кызматында жаш оспурумдор менен иштоо болумунун аймактык тескоочусу болуп иштеген. Бир нече жолу уй-булолук шартына байланыштуу Кочкор районуна  жумуш ордун которуп берууну отунуп,  арыз менен кайрылып жургон. Ага карата 2017-жылдын  1- март куну Кочкор РИИБнун Чолпон МАБнун жаш оспурумдор менен иштоо боюнча тескоочусу кызмат оордуна дайындоо боюнча буйрук чыгып, Н. у.  Э. 2-март  куну саат 14:30га чейин жумушка чыккан эмес,  ошол эле куну  болжол менен саат 14:40та Н.у. Э. кызмат учурунда спирт ичимдигин ичип жургон деген себептер менен кызматынан алынган.

Сот отурумунда доогердин  жактоочусу, Н. у. Э. жаны кызматка которуу боюнча буйрукту туштон кийин алып, машинасы бузулуп калгандыктан эртеси куну оокатарын алып Жумгалдан Кочкор районуна маршрутка менен келгенин, кечигип барарын телефон аркылуу жетекчилигине эскерткенин айтты.

Спирт ичимдигин ичкендиги боюнча акт тузулгон,  бирок акт менен Н. у. Э. таанышпагандыгын,  ага  кол койбогондугун жана спирт ичимдиги ичкендиги боюнча соттук- медициналык экспертизанын кортундусу жок. 2017-жылдын 3-мартында  №13 буйрук менен Н. у. Э. кызматтан бошотулган, оз каалоосу менен бошодум деген арызын жаздырып алышып,  жалган турдо, эмгек китепчесине  (ИИБ ички жобосунун 22 -главасынын 107-пунктун негиздеп, кызмат абалында ичкилик ичип бошогон деген маанидеги берене) менен кызматтан бошотушканын Н. у. Э. жактоочусу билдирди.

  Андан сырткары  жактоочу  арыз менен ИИМнин кызматкерлери боюнча дициплинардык комиссиясына кайрылса,  ал тараптан соттун чечиминен кийин жыйынтык болоорун айтышкан, ал эми бугунку Нарын облустук сот отурумунда бул иш ИИМнин атайын дисциплинардык комиссиясынын кортундусу жок экен ,ошол жак карасын деген себеп менен датануучулардын арызын жарым жартылай канааттандырды.