Кызыл-Кыя шаардык сотунда мониторинг

добавлен 16 июня 2017 14:07
просмотров 1215

 

 

2017-жылдын 8-майында Кызыл-Кыя шаардык сотуна мониторинг жургузулду.
Ушул куну саат 9:00го коюлган Н.Аматовдун кароосундагы «Жашы жете элек баланы энесине алуу» жөнундө жарандык иши белгиленген. Сот отуруму өз убагында башталган жок, жарым саат кеч башталды, себеби доогердин ишенимдуу өкулу жана мамлекеттик айыптоочу кечигип келди. Судья сот залына кирип, кечиккен тараптардын кечиккен себебин сурап, каттуу эскертүү берди.

Сот процессин ачык деп жарыялап, сот процессин улантабыз деди. Сот отурумунун катышуучуларын аныктады.
Жоопкердин ишенимдүү өкүлү, ушул ишке байланыштуу «Энелик укуктан ажыратуу» боюнча кассациялык тартипте жана камкордука алуу боюнча Ноокат райондук сотунда  иш каралып жатат, ошондуктан ишти убактылуу токтотуп туру боюнча өтүнүч келтирди. Өтүнүчтүн көчурмөсү мамлекеттик айыптоочу менен доогердин ишенимдүү өкулдөрүнө берилип жана таанышып чыгуу учун убакыт бөлүндү. Доогердин ишенимдуу өкулдөру каршы экенин билдиришип, атайлап ишти созуу болуп жатат, ишти карап беруунузду сурайбыз дешти. Ал эми мамлекеттик айыптоочу кассациялык тартипте берилген иш аягына чыгыш керек деген оюн айтты, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлумунун башчысы, кызыккан тарап мыйзам чегинде соттун кароосуна калтырабыз деди. Судья Н. Аматов жашыруун б
өлмөгө кетти. Судья  жашыруун бөлмөдөн чыгып, ишти убактылуу токтотуп туру боюнча аныктама кабыл алды.


Ушул эле куну Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрайымы М.Бекишованын кароосуна саат 11:00го коюлган кылмыш иши өз убагында башталды. КР КЖК 104бер. 3бөл. 4п. менен айыпталуучу С.Т. конвой менен алып келинди.  Сот отурумун ачык деп жарыялап, катышуучуларды аныктады. Соттолуучу менен жабырлануучу орус улутунда болгондуктан, котормочу да катышты, бирок котормочу өз убагында жетишип которуп бере албагандыктан судья соттолуучу менен жабырлануучуга орус тилинде кайрылып жатты. Укук милдеттер тушундурулду, өтунучтөр суралды. Соттолуучунун жактоочусу соттолуучучунун 2-группадагы майып кубөлугун иш материалга тиркөө боюнча өтунуч келтирди. Судья каршылыктар жокпу деп сурап, иш материалга кубөлукту тиркөөну жайында токтом кылды. Андан кийин мамлекеттик айыптоочу кубөөлөр келбей алардын көрсөтмөлөрун окуп беруусун өтунуч келтирди, өтунуч канаатандырылып, окулуп берилди. Бир кубө мурдагы сот отурумунда көрсөтмө берген, ал эми калган эки кубө окуяны коргон эмес, ошондуктан көрсөтмөлөру жетиштуу, чакыруунун кереги жок деп прокурор өз оюн билдирди. Жабырлануучу ден соолугуна керектөө максатында 1000-2000 сом өлчөмдө каржы жактан жардам көрсөтууну суранды. Судья иштин журушундө караларын айтты жана жарыш сөзгө өтөбуз, даярсыздарбы деп сурады. Соттолуучунун  жактоочусу даяр эмесмин жана жабырлануучунун азыркы өтунучу боюнча да, туугандары менен суйлөшуулөр журсун деп, башка кунгө калтырып беруусун сурады. Соттук отурум 15-июнь саат 14:00го калтырылды.