Баткен райондук сотуна мониторинг

добавлен 31 мая 2017 17:33
просмотров 1203

 

 

2017-жылдын 23-май куну Баткен райондук сотуна байкоо жургузулду. Каралуучу иштердин тизмеси илинген.
       Байкоочу сот залына эркин кирип, судья Р. Оморовдун торагалыгындагы жарандык ишке катышты. Процесс тизмеде белгиленген. Саат 10:00 белгиленген сот отуруму, тараптар кечигип келгендиктен саат 10:25 башталды. Судья кандай иш каралып жатканын айтып, сот процессинин катышуучуларын тааныштырууну катчыдан сурады, жоопкердин окулу келбегендиктен жоопкер ишти кароону  башка кунго калтырууну суранды.  Отунучу канааттандырылып,  2017-жылдын 31- май саат 10:30  калтырылды.
       2017-жыл 22-май куну  судья А. Эгембердиеванын кароосунда кылмыш иши каралып,   23-майга  саат 11:00 калтырылган, бирок илинген  тизмеде корсотулгон эмес,  катчынын колундагы расписаниеде кол менен жазылган. КР кылмыш жаза кодексинин   164, 174-беренелери менен каралган кылмыш иши боюнча   айыпталуучу  Э. Абдулаев, Н. Курбанов, Р. Турдиевтерге карата кылмыш иши оз убагында башталган жок, жарым саатка  кеч башталды, себеби жоопкердин адвокаты  мындан  эрте башталган процесске катышып бош болбой калып, аны  кутууго туура келди. Судья кандай иш каралып жатканын жарыялап, ишти кароо улантылат деп билдирди жана катышуучуларды аныктады. Укук милдеттер тушундурулуп, отунучтор суралды. Андан кийин куболор суралды. Соттук териштируу журуп жоопкерлер суралды. Тушку тыныгуу убагы болуп, 6-июнь саат 15:00  калтырылды.