Бакай- Ата райондук сотуна мониторинг жургузуу

добавлен 26 апреля 2017 11:15
просмотров 1168

 

 

Бакай-Ата   райондук сотунун судьясы  Н. Б. Кермалиевдин 2017- жылдын 24- апрелиндеги каралуучу иштердин тизмеси илинген эмес. Катчысынын айтымында административдик укук бузуу боюнча соттук отурум саат 11:00 го коюлган, бирок соттук процесс 11:20  башталды. Судья соттук отурумду ачык деп жариялап, административдик кодекстин 66-4 беренеси боюнча түзүлгөн материал боюнча иш каралаарын угузду. Андан кийин укук бузуучунун жана жабырлануучунун өздүгүн тактады. Судья сот отурумунун курамын тааныштырып, катышуучулар ишеним көргөзүүлөрү боюнча сурады. Катышуучулардын өтүнүчтөрүн сурап, укук- милдеттерин түшүндүрдү. Судья РОВДнын кызматкеринен ишти баяндоосун сурады, андан кийин укук бузуучуга жана жабырлануучуга өз позицияларын билдирүүгө сөз берди. Торага кылуучу  сот отурумунун катышуучуларына тактоочу суроолорун берип бүтүп укук бузуучудан жана жабырлануучудан соттон эмне сурайсыздар деп суроо берди. Жабырлануучунун судьядан укук бузуучуну камоо чечимин чыгарууну сураганынан кийин, судья кеңешүү бөлмөсүндө калып, катышуучулар чыгып күтүп турушту. Судья катчы аркылуу катышуучуларды чакыртып административдик кодекстин 583 – 589 беренелерин жетекчилике алып укук бузуучуну 3 суткага камака алуу чечимин угузду.