Талас облусунун Райондор аралык сотуна байкоо жургузуу уланууда

добавлен 25 апреля 2017 16:19
просмотров 1388

 

 

Судья Н. К. Нартаевдин 2017- жылдын 25-апрелиндеги каралуучу иштердин тизмелери илинген. График боюнча ишти кароо саат 9:30 га коюлган, бирок 30 мүнөт кеч башталды, себеби 15 мүнөт катышуучулар кечикти, 15 мүнөт судьяны күтүштү. Судья соттук отурумду ачык деп жарыялабастан, Талас райондук прокуратурасынын “Бекмолдо” айыл өкмөтү чыгарган буйрукту жокко чыгаруу арызы боюнча административдик иш каралаарын жарыялады. Судья катчыдан иш боюнча кимдер келгенин сурап, катышуучулардын өздүгүн паспорту жана ооз эки тактады. Андан кийин сот отурумунун курамы менен тааныштырып, соттук курамдан баш тартуу барбы? - деп сурады. Судья сот отурумунун катышуучуларынын укук-милдеттерин түшүндүргөн жок. Андан кийин прокуратуранын өкүлү келбегенин жана эч кандай билдирүү жибербегендигин айтты. Соттун уруксаты менен айыл өкмөттүн өкүлү кошумча күбө катары айыл өкмөттүн мурдагы кызматкерлерин сотко чакыртууну өтүндү. Судья өкүлдүн өтүнүчүн канаатандырып жана арыз ээси келбегенине байланыштуу 2017- жылдын, 3- май,  саат 10:30 га жылдырып, сот отурумун жабык деп жарыялады.