Баткен облусунун райондор аралык сотунда жакшы озгорулор

добавлен 16 марта 2017 16:41
просмотров 1244

 

 

   2017-жылдын 16-мартында Баткен облусунун райондор аралык сотуна байкоо жүргүзүлдү. Мурда сот отурумдарынын тизмеси дубалга илинип жүргөн болсо, учурда жаны маалымат тактайчасы жасалып, каралуучу иштердин тизмеси жаӊыланып илинген. Саат 10:00го белгиленген, төрагалык кылуучу судья Жаманкулов Мелис Раимбердиевичтин кароосунда экономикалык иш өз убагында башталды. Сот отуруму үчүн атайын  зал жок болгондуктан судья өз кабинетинде соттук процессти өткөрдү. Кандай иш каралып жатканын жарыялап, катышуучу тараптар келгендигин аныктоо үчүн катчыга сөз берди. Доогер “Айыл банктын” өкүлү А. Сапаров келди, ал эми жоопкер Б.Салиев белгисиз себептер менен келген жок деп билдирди. Бирок судья М.Жаманкулов КРнын Жарандык Процесстик Кодексинин 168-беренесинин 4-пунктуна таянып, ишти карай берүүнү укуктуу деп тапты. Өтүнүчтөр суралды, укук милдеттер түшүндүрүлдү. Доогер “Айыл банктын” өкүлү А.Сапаров КРнын Жарандык процесстик кодексинин 123-берене 1б.,7п. менен арызды кароосуз калтыруу боюнча өтүнүч келтирди. Судья себептерин сурап, чечим кабыл алуу үчүн өзүнүн кабинетинде калды. Жоопкер карызды толугу менен төлөгөндүгүнө байланыштуу, КРнын Жарандык Процесстик Кодексинин 224, 225,226, 266-беренелеринин талаптарына ылайык, судья арызды кароосуз калтыруу жөнундө чечим чыгарды.