2017-жылдын 7-мартында Талас облустук сотуна байкоо жургузулду

добавлен 09 марта 2017 11:35
просмотров 1267

 

 

Байкоо Талас облустук сотунун экономикалык жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017- жылдын 7- март күнүндөгү экономикалык ишти кароосуна жүргүзүлдү. Соттук курамы: төрага кылуучу Токтосун уулу К., судьялар: Боромбаев М. И, Султаналиев А.

Соттун коридорунда каралуучу иштердин тизмеси илинген,  ага ылайык соттук кароо саат 10:00го коюлуп учурунда башталды. Байкоочудан соттук коллегиянын катчысы улам катышуучу катары кабыл алып паспортун сурап жатты, негизинен соттук отурумга катышууга тоскоолдук болгон жок.

Төрагалык кылуучу соттук отурумду ачык деп жана эмне иш каралаарын жарыялады. Катчы соттук отурумга келгендерди тааныштырып тиешелүү документтерин төрагалык кылуучуга берди. Төрагалык кылуучу соттук курамын тааныштырып, катышуучулардан соттук курамга ишеним көргөзүшөөрү боюнча сурады. Андан соң катышуучуларды укук- милдеттери менен тааныштырды. Төрага катышуучулардан соттук териштирүүнү баштоонун алдында өтүнүчтөрү жөнүндө сурады.  Иштин маңызын судья Султаналиева А. баяндады. Андан сөң процесс башталып, биринчи сөз кызыктар тараптын ишенимдүү өкүлүнө берилди, ага прокуратуранын өкүлү тактоочу суроолорун берди. Экинчи сөз мэриянын өкүлүнө, үчүнчү сөз прокуратуранын өкүлүнө берилип процесс жыйынтыкталды. Төрагалык кылуучу соттук отурумга катышкан тараптардын баарынан соттук отурумду жылдыруу боюнча оюн сурап, тиешелүү документтерди кийинки соттук отурумга тактап келүүлөрүн тапшырды.