Рита Карасартова, Сотторду реформалоо боюнча жарандык кенештин координатору:

добавлен 06 января 2012 14:21
просмотров 1015

 

 

Акыйкат издеп барган элге акыйкатсыз чечим чыгаруу боюнча акыркы убакта соттордун даңкы таш жарып келет. Бул маселе жеберине жетип, учурдун эң актуалдуу көйгөйүнө айланган. Аны оңдоонун жападан жалгыз жолу - сот системасын реформалоо. Бул президент, парламенттен карапайым калкка чейин дайын. Бул негизде "Сотторду реформалайбыз, тазалайбыз" деген ураан менен парламент бир катар мыйзамдарды даярдап, сотторду тандоо кеңешин түзгөн. Бирок, жыйынтыгы "баягы эле мамайдын көрү". Бул жараянга (байкоочу жана комиссия мүчөсү катары) катышкан, жыйынтыгына канааттанбаган Рита Карасартова бизге бир катар маалыматтарды берди. 

- Рита Рахмановна, сотторду тандоо жараяны эл күткөндөй жыйынтыкталган жок. Себеп - парламент таза сотторду эмес, өзүнүн "кол бала" сотторун тандап алды деп айтылууда. Сиз буга кошуласызбы? 
- Сот тармагын тазалоо, реформалоо баарынан маанилүү. Жадагалса кечөөкү президенттик шайлоодон да мааниси жогору. Анткени, бийлик бутактарын тескеп, көзөмөлдөп туруу сот тармагынын милдети. Ал өзү таза, адилет болбосо, анда башка башкаруу тармактарынан акыйкаттык күтпөй эле койгонубуз оң. Соттук реформаны шайлоого байлаганга аракет кылгандар болду. Президенттик шайлоо өткөнчө тезинен сотторду шайлап алууга умтулушту. Биздин жарандык коом: "Бул абдан манилиүү реформа. Аны шашпай, кылдат өткөрүү керек" - деген оюбузду билдирдик. Ошого карабастан тандоо иши башталды. Сотторду тандоо туру биринчи ирет өткөрүлүп, бир жаңсыл болбостон токтоп калды. Себеби, ал ачык-айкын өтпөдү. Мыйзам боюнча, тандоо кеңешинин ар бир мүчөсүнө бюллетень берилип, кайсы талапкерге ооба же жок деп айтаары ачык жүргүзүлүүсү зарыл эле. Ал ачык-айкын болбоду. Бюллетендерди көргөзүүдөн да баш тартышты. Экинчи тарабынан, "кимди шайладыңар" деген сурообузга биз жаңыларын эмес, баягы эле угуп билип жүргөн, таанымал аттарды уктук. Сот тармагында көп жыл иштеп, аны коррупциянын чордонуна айлантууга, ушул абалга кептелүүсүнө салымын кошуп келген адамдар кайра эле тандалганын көрдүк. Бул жыйынтыкка эл да нааразы болуп толкуй баштады. Ошондо, мыйзамда айрым дал келишпестиктер болуп калды деп биринчи тандоо токтотулду.
- Байкоочу катары сиздер тандоо кеңешинин аракеттерине кандайдыр таасир көрсөтө алдыңыздарбы? 
- Биринчи тандоо жыйынтык бере албаган соң 5 тегерек үстөл өткөрдүк. Бирөөсү соттор менен өттү, экинчисин жарандык коом, укук коргоочулар менен, андан кийинкисин депутаттарды чакырып уюштурдук. Бешинчи тегерек үстөлүбүз жыйынтыктоочу катары өткөрүлдү. Анда бүгүнкү күндө сот реформасын жаңылбай жасоо үчүн мыйзамга дагы кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин талкуулады. Биз жарандык кеңештин сунуштары деп өз долбоорубузду парламентке жибердик. Башында мыйзам боюнча тандоо ишинде комиссияга биздин жарандык коомдон да үчөөбүз киргенбиз. Анда биз "демек, депутаттар эле чечпей , жарандык коомдун, элдин талабы да эске алынат" деп ойлогонбуз. Бирок, аягында депутаттар чечим кабыл алаарда бул үмүт акталган жок. Биздин сунуштардын айрымдары эске алынган менен эң негизгиси унутта калды. Ал - "көз каранды эмес, өз алдынча иштеген сот системасы керек" деген принцип болчу. Тандоо жараяны өз алдынча өтпөгөн соң соттор кантип өз алдынча болмок эле. Так ошол "өз алдынчалыкка, эркин болууга" алып барчу принциптерди депутаттар мыйзамга кийирбей коюшту. Жогорку сот менен конституциялык сотко парламент дайындаса, жергиликтүү сотторду президент шайласа анан ал соттор кантип көз карандысыз иштемек эле. Парламент шайлаган соттор анын айтканынан кантип чыга алмак эле. Ал элге эмес, парламенттин кызыкчылыгына ылайык иштери шексиз. 
- Баары келип кайра эле коррупцияга такалат тура… Сиздер адилет жыйынтыкка жетүүнүн кандай жолдорун сунуштайсыздар? 
- Эч кандай коррупцияга малынбай, таза реформа өткөрүүнүн бир нече жолдору бар. Мисалы, биздин жарандык коом коррупцияга жол бербечү атайын схеманы ойлоп тапканбыз. Ал сотторду тандоону 2-3 тур менен өткөрүп, комиссия мүчөлөрү талапкерге "татыктуу" же "татыксыз" деген баа берүү керек. Ушундай жол менен татыктуу делинген адамдар иргелип алынат. Акыркы тандоо турун чүчү кулак аркылуу өткөрүү керек. Татыктуу деп тандалган талапкерлердин аты-жөнүн барабан ичинде айлантып, сууруп чыгуу менен тандасак болот. Ошондо эч ким эч кимге "милдеттүү" болбойт. Андан ары көз карандысыз эркин иштей алат. Тилекке каршы, парламентке бул сунушубузду жиберсек кабыл алышкан жок. 
- Талапкерлердин деңгээлин текшерүүдө да туура эмес ыкмалар колдонулгансыды… 
- Муну бүткүл эл байкап турду. Талапкерлерден "пара алгансыңбы?" деп тике сурап жатышты. Кайсы келесоо "ооба мен пара алганмын" деп айтмак эле. Албетте, баары жок деп актанып жатышты. Буга куру убара чекпей тазалыгын текшерүү үчүн калп детекторунан өткөрүү жетиштүү болмок. Мындай аппарат Кыргызстанда бар. Же болбосо, бул суроону профессионалдар берүү керек эле. Анан да, талапкерлер суроолорду интернет аркылуу жооптоп, анын топтогон упайы автоматтык түрдө чыгарылчу системалар бар. Анда, оозеки суроо жолдоп, "мунун көзү жакпай калды" же "мунун кашы жагып калды" деп ой-келди баалоого жол берилмек эмес. Биздин жарандык коом сотторду тандоо туура эмес өткөнүн белгилеген жана аны туура жолго салуучу сунуштарыбызды президентке да жолдогонбуз. Роза Отунбаева демократияны сыйлаган, калыс жан экен биздин оюбузду эске алды. Сотторду тандоо боюнча мыйзамга вето коюп, кайра парламенттин кароосуна жиберди. 
- Парламент биринчи ирет кабыл албаган сиздердин сунушту кайра кабыл аларына үмүт барбы? 
- Бул сунушту кабыл албагандар коррупцияга каршы схеманы кабылдабай жаткандарын айгинелейт. Эгерде, парламент бул сунуш-пикирден баш тартса, ал коррупцияны жактаганын тастыктайт. Айрым топтор "Садыр Жапаров кетсин! Баланчаев келсин!" деп кыйкырган менен эч нерсе өзгөрбөйт. Жапаровдун ордуна башка депутат келип, башка сотту алып келген күндө деле баягы көрүнүш. Андыктан биз өз алдынчалыкка, көз карандысыздыкка негиз болчу жолдор менен реформа жүргүзүүбүз зарыл. Адилет, таза сот системасына жеткенде гана биз акыйкаттыкка жете алабыз. Ал эми адилет сотторду тандоо ачык-айкын, аларды көз каранды кылбагандай жүргүзүлсүн. Муну эртедир-кечтир парламент да түшүнөт. Биздин пикирлер менен да эсептешет деген үмүттөбүз. Элге да түшүндүрүү иретинде маалымат жыйындарын өткөрүп, ММКлар аркылуу сунушубузду билдирип жатабыз. Колдоого алынса бул адилет сот системасын куруп алууга өбөлгө болмок.
Маектешкен 
Анара ДЫЙКАНОВА "Кереге" 2-декабрь, 2011