Дилбаян жазуу учун укуктук темалардын тизмеси. 207 тема. (Список правовых тем для написания сочинения во время конкурсного отбора)

добавлен 09 сентября 2012 19:57
просмотров 8966

 

 

 

 

1.      Соттун милдети мыйзам чыгаруу эмес, сот адилеттигин жүргүзүү.

2.     Жаман жосунду коргоо ал жосунду жасагандан жаман. (Ббальтасар Гграсиан)

3.      Тең укуктуулук бул укукту баары колдонгондук эмес, баарына ал укуктун берилиши (Луций Анней Сенека)

4.     Эң адилет сотны өз ишин кароого мажбур кылсаңыз, ал мыйзамды кандай түшүндүрөөрүн көрөсүз. (Пьер Огюстен Карон де Бомарше)

5.     Алгач ойлонуп, анан айыпта

6.     Соттун ыктыярына ылайык чечимге эң аз уруксат берген мыйзам эн жакшы мыйзам

7.     Иште  төрагалык кылган соттун иИшти  кароонун адеп-ахлактык тарабын камсыздоодогу ролу.

8.     Сот адилеттигин  жүргүзгөнү үчүн сыйлык алуу – аны алуу эмес,  опузалоого окшош. (Латын учкул сөзү)

9.     Жасаган кылмышы үчүн жазаланбагандык андан да оор кылмыш жасоого алып келет. (Латын учкул сөзү)

10.  Жасаган кылмышы үчүн жазаланбагандык ар дайым кылмышкерди шердентет. (Латын учкул сөзү)

11.  Адилет болсоң бактылуу болосуң (Ж-Ж.Руссо)

12.  Мээримдүү болуу кыйын деле эмес, адилет болуу кыйын. (В.Гюго)

13.  Соттук талаш-тартышта доолашкандар адилеттүүлүктү тутуулары керек(Латын учкул сөзү)

14.  Соттун ак ниеттүүлүгү жана чынчылдыгы күмөн жаратпайт, анын укукту (мыйзамдарды)жана фактыларды билүүсү талаш жаратуусу ыктымал.  (Латын учкул сөзү )

15.  Адилеттүүлүктүн духу менен чындыктын духу бир бүтүн. (Г. Вейль)

16.  Эгерде доогер далилдей албаса (өз доосун), жоопкер бошотулат. (Латын учкул сѳзү )

17.  Билбеген адам дагы эстеп калышы үчүн мыйзам кыска болушу керек. (Сенека)

18.  Адамга карагнда мыйзам адилет чечет. (Латын учкул сөзү )

19.  Мыйзам мыйзам болгону үчүн эмес, адилеттүүлүктү камтыганы үчүн баалуу. (Г. Бичер)

20.              Башкалар үчүн мыйзам жараткандар алгач өздөрү ал мыйзамды сакташсын. (Д. Чосер)

21.  Коргоочу да, сот да өз милдеттерин аткарууда сезимине жеңдирүүгө укугу жок.. (Р. Стивенсон)

22.  Алдамчылык менен сот адилеттиги эч качан батышпайт. (Латын учкул сөзү )

23.  Жакшы соттун милдети – сот адилеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө жардам берүүчү чечимдерди чыгаруу. (Латын учкул сөзү )

24.  Сот адилеттиги – ар бир адамга анын укугун берүү эрки. Ал өзгөртүлбөс жана туруктуу.  (Юстиниан)

25.  Мыйзамдардын күчү жаранды көлөкөдөй ээрчип жүрүшү керек. (Ч. Беккариа)

26.  Адилеттүүлүк күчтүү, ал эми күч адилеттүү болушу керек. (Паскаль)

27.  Кылмышты жашырып жасагандар аны ачык жасагандарга караганда катаал жазага татыктуу. (Латын учкул сөзү )

28.  Жакшы сот ишти аягына чыгарат, иштин аягына чыгуусу мамлекеттин кызыкчылыгында. (Латын учкул сөзү )

29.  Мыйзамды билүү деген анын сөздөрүн жаттап алуу эмес, маанисин түшүнүү. (Латын учкул сөзү )

30.  Мыйзамды билүү аздык кылат, аны билгичтик менен колдоно билүу керек. (В. Ардашев)

31.  Мыйзамдар менен жарлыктарды түшүнүктүү жазуу керек, кийин кайра түшүндүрүп отурбай. (Петр I)

32. Мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт, ал эми аны билүү көбүнчө бошотот. (С. Лец)

33. Күнөөсүздү айыптоо – соттордуын өзүн айыптоого жатат. (Сенека)

34.     Жазаланбагандык – эң чоң кылмыш. (Дж. Б. Шоу)

35.  Кээде жазалоо кылмышка алып келет. (С. Лец)

36. Сот – бул сүйлөөчү мыйзам, ал эми мыйзам – үн-сөзсүз сот. (Цицерон)

37. Укугу болуу ар дайым эле актык эмес.

38.  Эң жакшы мыйзамдар салттардан чыгат.

39.  Пайдасыз мыйзамдар зарыл мыйзамдарды алсыратат.

40.  Эркиндик -  теңсиздикке укуктуу болуу

41.  Укуктук нигилизм – жомокпу же чындыкпы.

42.          Кылмышты эки ирет жасагандарга ал эми уруксат берилгендей болуп көрүнөт.

43.          Укук – туура нерсенин үстөмдүгү.

44.          Эч ким башка бирөөгө өзүнүкүнөн көп укук бере албайт.

45.          Сотто алдын ала тергөөдө табылгандар гана эмес, алардын кантип табылганы дагы изилденет. (А.Ф. Кони)

46.          Чындыкты жашыруу - калп.

47.          Ар кандай буйрук же сынга алынбаган мыйзам адилетсиз мыйзам гана болушу мүмкүн. (Гроций)

48.          Жалпынын пайдасы жеке адамдардын келишиминен артык.

49.          Алдын алууга кыйын болгон кылмыштарды эң катуу жазалоо керек.

50.              Мыйзам  көп нерсеге тыюу салбайт, бирок үн-сөзсүз жектейт .

51.          Чындык жашырып коюудан башка эч нерседен коркпойт.

52.          Муктаждык мыйзамды бузат (жоготот).

53.          Күнөөлүүлөрдү аягандар күнөөсүздөргө зыян келтирет.

54.          Кылмыш үчүн гана эмес, ага ниеттенгендик үчүн дагы жазала.

55.          Бардык мыйзамдарды билүүнү чечкен адамдын аларды бузууга убактысы болбойт. (Гете)

56.          Эч кандай мыйзамга баш ийбөө – эң башкы куткаруучусуз калуу дегенди билдирет, себеби мыйзамдар бизди башкалардан гана эмес өзүбүздөн дагы коргойт.(Гейне)

57.          Прокурор менен эмес далилдер менен талашуу керек. (Ф.Н. Плевако)

58.          Эң көп укуксуздук мыйзам гана башкарган жерде болот. (Цицерон)

59.          Мыйзам бийликке таянган жеке менчик укугу; бийлик жок жерде мыйзам да өлөт. (Н. Шамфор)

60.          Мыйзам өзүнө баш ийгендерге гана пайдалуу таасир калтырат. (Демокрит)

61.          Мыйзам адамдардын тажрыйбасын коомдун пайдасы үчүн пайдаланган адамдын акылмандыгынын жогорку көрсөткүчү. (С.Джонсон)

62.          Мен ар бир адам мыйзамга кыңк этпестен жана кыйшаюусуз баш ийүү милдеттүү деп эсептейм. (Сократ)

63.  Укуктук аӊ-сезим - жемкорлуктун (коррупция) себеби.

64.  Укуктук  нигилизм жана анын натыйжалары.

65.  Укуктук мамлекет жана жарандык коом. 

66.  Укуктун мааниси эки адеп- ахлактык кызыкчылыктын:жеке эркиндиктин жана жалпынын жыргалчылыгынын тең салмактуулугунда.   (В. Соловьев)

67.  Биз эркин болуу үчүн мыйзамдын кулу болушубуз керек.(Цицерон)

68.              Мыйзамдары жана эркиндиги жок өлкө падышалык эмес, түрмө. Андагы туткун – эл. (Ф. Глинка)

69.               Мыйзамдардын көптүгү адеп-ахлактын үстөмдүгүн,  ал эми процесстердин көптүгү мыйзамдын үстөмдүгүнүн күбөсү болбойт.  (П. Буаст)

70.              Мыйзамдар менен жарлыктар көбөйгөндө каракчылык менен уурдап-тоноолор көбөйөт.  (Лао-Цзы)

71.  Мыйзамдардын катаалдыгы аларды тутууга жолтоо болот. (О. Бисмарк)

72.   Жарандардын чыныгы теӊдиги алардын баардыгы мыйзамдарга бирдей баш ийгенинде жатат. (Ж. Даламбер)

73.  Катаал мыйзам башкарган жерде элдер мыйзамсыздык жөнүндө кыялданышат.(С. Лец)

74.  Ким өз укугун пайдаланса, ал эч кимдин укугун бузбайт.(Рим укугунун принциби)

75.  Мыйзамдын мааниси баарына бирдей болушу керек .(Ш. Монтескье)

76.  Күч болбосо адилеттүүлүктүн пайдасы жок, адилеттүүлүк болбосо күч  зулум болот. (Латын учкул сөзү)

77.  Аткарылбаса да ойлонулган  кылмыш баары бир кылмыш.(Сенека)

78.  Эркиндик - мыйзам уруксат бергендин баарын жасоо укугу.(Ш. Монтескье)

79.  Эркиндик бул мыйзамга гана көз каранды болуу.(Вольтер)

80.  Мыйзамдуулукту тутуунун жеткен чеги жеткен мыйзамсыздык болушу мүмкүн.(Теренций)

81.  Мамлекет укуктан тартипти, ал эми укук мамлекеттен - ал бекиткен бийликти табат.(А. Кененов)

82.  Укуктун эң жарашкыс душманы артыкчылык.(М. Эбнер-Эшенбах)

83.   Эркин болуу үчүн мыйзамга баш ийүү керек.(Антик доорундагы афоризм)

84.  Мыйзам уруксат бергендин баарына эле уят жол бербейт .(Платон)

85.  Силердин милдетиңер бийликтегилердин жүзүн карабай мыйзамдарды сактоо.(Г. Державин)

86.   Аз  гана мыйзам жараткыла, бирок алардын сакталышын көзөмөлдөгүлө.(Дж. Локк)

87.  Укуксуз милдет – кулчулук, милдетсиз укук –анархия.(ЛаменнэФелисите-Робер де)

88.  Бангалор  принциптери.

89.  Укуктун үстөмдүгү жана мыйзамдын үстөмдүгү

90.  Сот адилеттигин жүргүзүү стандарттары.

91.  Сотторду жана сот кызматкерлерин физикалык жактан коргоо зарылчылыгы.

92.  Соттор корпусунунун өз алдынча тазалануусунун натыйжалуу механизми.

93.  Укук тартиби мыйзамдын бийлиги катары.

94.  Адеп-ахлакты кайра курууну мыйзамдарды кайра куруудан баштоо керек. (К. Гельвеций)

95.  Тең укуктуулук адамзаттын ыйык мыйзамы. (И.К.Ф. Шиллер)

96.  Актагыла, жазалабагыла, бирок жамандыкты жамандык дегиле. (Ф. Достоевский)

97.  Эл үчүн эң мыкты конституция – ал көнүп калган конституция. (И. Бентам)

98.  Күнөөсүздү деле айыптоого болот, бирок күнөөлүү гана ачыкталат.(А Пулей)

99.  Адеп-ахлак – бул адамдар, мыйзамдар – өлкөнүн акыл эси. (О. Бальзак)

100.                    Жарандардын бири-бирине байкоо жүргүзүүсү кылмышты болтурбайт.(О. Бальзак)

101.                    Мыйзам  чымындын майдасы тосулуп калып, чоңдору чыгып кете турган желе эмес. (О. Бальзак)

102.                    Мыйзам – баары билиши керек болсо дагы, баары жаман билген нерсе. (О. Бальзак)

103.                    Начар мыйзамдар зулумдуктун (тираниянын) эң жаман түрү.  (Э. Бёрк)

104.                    Уурдап алуу мүмкүнчүлүгү ууруну жаратат.(Ф. Бэкон)

105.                    Соттор алардын иши мыйзамды тартуулоо эмес, түшүндүрүү экенин эсинен чыгарбашы керек.  (Ф. Бэкон)

106.                    Бир адилетсиз өкүм жеке адамдар жасаган кылмыштардан көп кырсык алып келет; адамдар суунун агымын гана булгаса, адилетсиз сот булактын көзүн булгайт. (Ф. Бэкон)

107.                    Мыйзам катаал, элдер кечиримдүү болуулары тийиш. (Л. Вовенарг)

108.                    Мыйзамдын катаалдыгы анын адамзатты сүйөөрүнөн, ал эми адамдын катаалдыгы анын оюнун тар жана ырайымсыздыгынан кабар берет.(Л. Вовенарг)

109.                    Мамлекеттик мыйзамдар менен катар эле уяттын мыйзамдары бар, алар мыйзамдын кемчилин толуктап турат. (Г. Филдинг)

110.                    Бардык иштерде, өзгөчө укукта, адилеттүүлүк жөнүндө унутпаш керек.  (Латын учкул сөзү )     

111.                    Жалпы мыйзам – бул башканын эркиндиги башталган жерде бүтө турган эркиндик. (В. Гюго)

112.                    Ар бир жаран мыйзам жана бийлик алдында тең. (А. Мицкевич)

113.                    Укук бар жерде аны сактоо каражаты дагы бар  (Латын учкул сөзү)

114.                    Мыйзам адамга караганда адилет чечет. (Латын учкул сөзү)

115.                    Мыйзам адамдарды, акыл- эс мыйзамды башкарат. (Т. Фуллер)

116.                    Мыйзамдар жакшы, ал эми адамдар бактылуу болушу үчүн  аларды жакшы аткаруу керек. (Н. Карамзин)

117.                    Жарандардын чыныгы теңчилиги алардын мыйзамга бирдей баш ийүүсүндө жатат. (Ж. Д'аламбер)

118.                    Аткаруучулар дагы, макул болгондор дагы бирдей жазага тартылышы керек (Латын учкул сөзү)

119.                    Бир күнөөсүздү дарга асканча он күнөөлүүнү кечирген жакшы. (Орус макалы)

120.                    Зарылчылык мажбурлабаган жазалоо зордук акциясы болуп эсептелет. (Ш. Монтескье)

121.                    Адилетсиздик дайым эле кандайдыр бир аракетке байланыштуу эмес: көбүнчөал аракетсиздикте болот. (М. Аврелий)

122.                    Эч ким өз ишинде сот боло албайт. (Латын учкул сөзү)

123.                    Адеп- ахлак юридикалык жана укуктук башталыштан өйдө болушу керек. (А. Солженицын)

124.                    Алдамчылык менен сот адилеттиги эч качан айкашпайт. (Латын учкул сөзү)

125.                    Жеткиликтүү укуктук негизи болбосо коомчулуктун атмосферасы таза болбойт. (А. Солженицын)

126.                    Жакшы соттун милдети – сот адилеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө жардам берүүчү чечимдерди чыгаруу. (Латын учкул сөзү)

127.                    Укуктун коргоосу астында эч ким алданбайт. (Латын учкул сөзү)

128.                    Укук  – бул саясий турмушка которулган изгиликтер. (А. де Токвиль)

129.                    Укук артынан милдеттерди ала жүрөт. (Латын учкул сөзү)

130.                    Адам укуктары жана мамлекеттин кызыкчылыгы ар качан эле дал келбейт, бирок аларды дал келтирүү – демократияга карай жол.   (И. Шевелев)

131.                    Укук  – бул жакшылык менен адилеттүүлүктүн искусствосу. (Антикалык афоризм)

132.                    Укук адамдын пайдасына орнотулат. (Латын учкул сөзү)

133.                    Атасынын кылмышы же жазасы баласына доо келтирбейт, себеби ар ким өз кылганына жооп берет жана эч ким башка бирөөнүн кылмышынын мураскери болбойт. (Латын учкул сөзү)

134.                    Мыйзам тыюу салганды жасаган адам мыйзамга каршы иштейт; анын сөздөрүн сактоо менен маанисинен айланып качкан  адам мыйзамды буйтап өтөт. (Латын учкул сөзү)

135.                    Жаза кылмышка жараша болсун. (Латын учкул сөзү)

136.                    Присяжныйлар кылмышкерлерди кечиришсе мейли, кылмышкерлер өздөрүн кечиришпесин. (Ф.М. Достоевский)

137.                    Эркиндик – бул мыйзам тыюу салгандан башканын баарын жасоо укугу. (Ш. Монтескье)

138.                    Укук бир гана мамлекеттик бийлик эмес бүт элдин үзгүлтүксүз иши.   (Р.фонИеринг)

139.                    Укук ар күн сайын аны жакшыртып турган укук таануучуларсыз жашай албайт. (Латын учкул сөзү)

140.                    Өз  өмүрүн коргогон акталууга жатат. (Латын учкул сөзү)

141.                    Айыпсыз аякка тикенек кирбейт

142.                    Ак ийилет бирок сынбайт

143.                    Ак иш үчүн ыйласа, азиз көздөн жаш чыгат

144.                    Ар кимдин өз чындыгы, кызыкчылыгы, ишеними бар

145.                    Ачуу менен кекчилдик – акылсыздыктын башталган жери

146.                    Ачылган абийирди алтын менен чулгап койсоң да, жылаңач бойдон кала берет

147.                    Бардык учурда бардыгын алдоо мүмкүн болбогондой эле, бардыгына жагуу кыйын

148.                    Беттеген ишиңди баштаардан мурда, беш жолу жакшы жагын, бир жолу жаман жагын ойло

149.                    Бийликтин кулу болгуча, ыймандын кулу бол

150.                    Бирөөнүн күнөөсүн бирөө көтөрбөйт, ар кимдики өзүнчө

151.                    Бөйрөктөн шыйрак чыгарган, бөдөнөдөн куйрук чыгарат

152.                    Сабырдуу болгун ар иште, салмактуу болгун тар иште

153.                    Таза адамга чаң жукпайт

154.                    Ыйман жок жерде – акыл душман

155.                    Шашкалактык – кыраакылыкты жоготуп коет

156.                    Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат

157.                    Аюдан корккон отунга барбайт

158.                    Барымтадан корккон мал бакпайт, чегирткеден корккон эгин экпейт

159.                    Адал түбөлүктүү, арамдын жолу миң, бирок өмүрү кыска

160.                    Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр

161.                    Адамдын убалына калуу эң оор күнөө

162.                    Айран ичкен кутулуптур, челек жалаган тутулуптур

163.                    Акча сүйлөгөн жерде, адилеттик, ар -  намыс ыйлап турат

164.                    Акча үчүн ар ким иштейт, абийир үчүн ким иштейт?

165.                    Акчадан арылсаң күйүнөөрсүң, ар-намыстан арылсаң кантип басып жүрөсүң?

166.                    Акыйкат асманда, чыкканга шаты жок

167.                    Акыйкат жолу ичке, таштуу, саздуу

168.                    Арамдык ишке барсаң – чыр асылат

169.                    Бай сотко барса барпаңдайт, кедей сотко барса калтаңдайт

170.                    Байды мактаба, кедейди жектебе

171.                    Байлыгы бардын – бийлиги бар

172.                    Байлык менен бийлик кишини сынайт

173.                    Байлык топтогуча, барк топто

174.                    Бий экөө болсо, дөө төртөө болот

175.                    Бийдин максаты бийлик кылуу, байдын максаты байлык жыюу

176.                    Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болот

177.                    Казанда ашка ишенип, кардым тоет дебегин, казыда ишке ишенип, кайгымды жоет дебегин

178.                    Кылмыштын буту узун болсо, жазанын колу узун

179.                    Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру

180.                    Адилет болбой, эл жарыбайт

181.                    Актангандан сактанган артык, башкаргандан аткарган артык

182.                    Анттын кусурунан корккон киши, ишине так болот

183.                    Бөрк ал десе, баш кескен – жасакердин жосуну

184.                    Чындыкты өзүңдөн, калыстыкты калкыңдан изде

185.                    Эл –тараза, жаманыңды ката албайсың, жакшыңды баса албайсың

186.                    Кыңыр иш кырк жылдан соң билинет

187.                    Сен таза болсон, мен таза болсом – коом да таза болот (мамлекеттик ишмер И. Раззаков)

188.                    Адилетүү мыйзамың болсо-көңүл ток, ансыз эркиндик жок

189.                    Мыйзамдын укуругу узун болот

190.                    Мыйзам буйлалаган төө

191.                    Мыйзам жолу кен болот, бардыгына тең болот

192.                    Ууру күч болсо, ээси айыпка жыгылат

193.                    Адамдын көркү – адилеттүүлүктө, жигиттин көркү – адептүүлүктө

194.                    Даражаң көтөрүлгөн сайын кичи бол

195.                    Сураган жеңил, жооп бериш оор

196.                    Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат

197.                    Чечен – чечен эмес, өкүм чечен

198.                    Шектүү секирет, шеги жок кекирет

199.                    Эмгексиз киреше – бетке чиркөө

200.                    Далили жок сөз – чала күйгөн чычала

201.                    17.02.1996-жылдагы «КР Конституциясына өзгөртүүлөр жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин редакциясын өзгөртүү маселеси боюнча. 

202.                    Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун «Вечерний Бишкек» газетасынын редакциясына жана Л.А. Акиловага Жумаев К. мырзанын доо арызы боюнча «Ар намысын жана аброюн коргоо жөнүндө» 08.07.1998-жылдагы чечими.

203.                    «Контрабанда (аткезчилик) жөнүндө иштер боюнча соттук практика жөнүндө» 1996-жыл.

204.                    «Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча лингвистикалык комиссия жөнүндө» 

205.                    «Кыргыз Республикасынын «КР нормативдик-укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келбейт деп табуу жөнүндө.

206.                    «Жоюлган жана кайра өзгөртүп түзүлүп жаткан ишканалар жана уюмдардын кызматкерлерине төлөө каражаттарын капиталдаштыруунун, пенсия, эмгектик мертинүү боюнча ордун жабууга суммаларды  жана жөлөк пулдарды төлөп берүү тартиби жөнүндө»

207.                    «КР арбитраждык-процессуалдык кодексин ишке киргизүүгө байланышкан маселелер жөнүндө»

Маалымат булагы: http://www.otborsudei.kg/index.php?act=view_material&id=964

Система Orphus