Пресс-релиз 27 август: Жогорку Сотко судьяларды тандоонун жыйнтыгы: Президенттин «элегинин» босогосунда

добавлен 28 августа 2012 11:44
просмотров 972

 

 

 

Сот ситемасын көзөмөлдө боюнча жарандык кеңеш

Пресс-релиз 2012 жылдын 27 август

Жогорку Сотко судьяларды тандоонун жыйнтыгы: Президенттин «элегинин» босогосунда.

Катышуучулар:

·         Рита Карасартова –«Коомдук иликтөөлөр институту »Коомдук Бирикмеси

·         Нурбек Токтакунов –“Прецедент ” Партнерлук Тобу

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кенеш тарабынан, Сотторду тандоо кенеши пайдаланып жаткан соттордун психологиялык портретин баало методикасына жана ошондой эле тандоо процессин байкоо методикалардын байкоо үчүн, байкоочулар окутулуп даярдалган.

Укук тармактары боюнча сурамжылоо сынактын жүрүшүндө, тапшырылган тема боюнча презентация жана эркин формадагы жыйынтыктоочу ангемелешүүнүн негизинде Сотторду тандоо кенешинин мүчөлөрү мурда аныкталган профессионалдык, моралдык жана эрктик сапаттарынын тизмесине ылайык талапкерлерге бааларды   коюшкан. Эгерде талапкерлерди Президентке сунуш кылуу үчүн чогултушкан жогорку  баллдарынын  санына жараша тандалса, анда конкурстун  “Жеңүүчүлөрунун” тизмеси төмөндөгүдөй көрүнүшкө ээ  болмок: (Тиркеме 1).

Бирок процедура мындайча болгон – талапкерди Президентке сунуш кылуу үчүн , 35 баллдан ашык  алган талапкерлердин арасынан добуш берүү менен тандашкан. Ошентип добуш берүү стадиясына 66 талапкер өткөн (Тиркеме 2) жана алардын ичинен Сотторду тандоо кенешинин мүчөлөрүнүн добушу  менен төмөнкү  32 талапкер тандалган (добушун саны боюнча, тартиби менен  өткөндөрдүн тизмеси – Тиркеме 3).

Көрсөткүчтөрдүн салыштырма анализи 35 Жогорку сандагы талапкердин ичинен кээ бири жетишерлик добуш ала алган эместиги жана электен өтө албай калышканы  такталган. Ошол эле учурда добуш берүүдө жетишеерлик добуш алган талапкердин бир канчасы салыштырмалуу аз сандагы балл алышкан.

Математикалык анализ жолу менен биз коюлган баллдар менен Сотторду тандоо кенешинин мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыктарынын дал келиши тууралуу коэфициентин эсептеп чыктык (Тиркеме 4). Майчиев, Мамбеткулов, Нурумбетова,Апсатаров, Момбеков и Хасанов сыяктуу Сотторду тандоо кенешинин мүчөлөрү  добуш берип жатканда жана ошондой  эле балл коюшкандагы ( 80 жана  андан жогору пайыздагы дал келилөр) болжолу менен. Дал келүүнүн эң аз коэфициенти бул Сотторду тандоо кенешинин мүчөлөрү Карабаев, Алибаев, Тажибаев, Слесарев жана Ажибраимовалардыкы (63% дан аз дал келүү).

Эгерде  былтыр , атын атап добуш берүүнүн анализи өзгөчө саясий сүйлөшүүлөрдү ачыкка чыгарган болсо , бул жылы коррупциялык сүйлөшүүлөр болду деп  божомолдой алабыз. Мисалы  эң жогорку балл алып жана рейтинг боюнча алдынкы орунду ээлеген Исмаилов Анарбек добуш берүүнүн жыйынтыгында  өтпөй калды, ошол эле мезгилде рейтинг боюнча 60чы орунду ээлеген Темирбеков Лепес добуш бурүүнүн  жыйынтыгында “Макул” деген 19 добуш менен тандоодон өткөн. Бул жерде эң кызыктуу  факт бул, сотторду тандоо кенештин мүчөлөрүнүн  эң аз  активдүүлөрү жана судьянын психологиялык портретин  баллонун методикасын окубагандары добуш берүү процессинде тандоодон өтө турган талапкерлердин көп санын таба алышкан. Ошентип тандоодон өткөн 32 талапкедин ичинен Жутанов А.Т.- 28 талапкер, Жээнбекова А.Б. жана Слесарев В.В. 27 ден дал келүүлөрдү таба алышкан (Тиркеме 5).

Эми Президентке андан кийин Жогорку Кенешке сунушталган талапкерлердин же бекитип, же четке кагуу алдында турат. Биз мурда, Президентин жана Жогорку Кенештин тандоо процессине түздөн түз таасир кылышына чечкиндүү түрдө каршы болгонбуз.

Текебаев, сотторго  талапкерлердин арасында аябагандай  көп коррупцияга тиешеси бар, бирок аралга карата кылмышынын далилдери аныкталбаган адамдарда электен өткөрүүнүн саясий ыкмаларын тактады. Анын пикири боюнча, эгер  саясий электен өткөрүү процедурасы болбосо өздөрүнүн финансы ресурстарын колдонуп, сот корпусуна  өтүп кетүү коркунучу бар. Биз ошону эске алып, мурда өздөрүнүн коррупцияга болгон катышы менен коомчулукта терс  көрүнүшкө ээ болгон талапкерлерди Президент жана Жогоруку Кенеш өздөрүнүн элегинен  өткөрөт  деген үмүттөбүз.

Ошондой гана учурда акыркы түзүлгөн Жогорку Соттун составы  , кезектеги сот реформасын кризиске алып келүүчү коомчулуктагы карама- каршылыктарды жаратпайт.

Пресс-релиз жана тиркемелер тиркелген файлда (фотографиянын алтында болгон "скачать файлга" басыңыз)

Система Orphus