Жогорку сотко судьяларды тандоонун акыркы этабы жыйынтыкталды (видео)

добавлен 11 августа 2012 12:36
просмотров 900

 

 

 

Бишкек, 10-август, 2012-жыл Сот тандоо кеңеши Жогорку сотко судьяларды тандоонун акыркы этабын жыйынтыктады. Төрт сааттан ашыкка созулган добушка салуу сынагынан  32 талапкер өтүп, 34ү акыркы тизмеге илинбей калды. Добуш берүү учурунда сот тандоонун мындай ыкмасына нааразы болгон тараптын өкүлдөрү да жыйынга катышып отурду.

Эми тандалган  32 талапкер президенттин элегинен өтүш керек, андан соң акыркы чечимди парламент чыгарат.

Эртең мененки саат тогузга пландалган сынактын добушка салуу этабы түштөн кийинки саат үчтө гана башталды. Ага чейин добуш берүү өтө турган имараттын алдына ар башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү  нааразылык билдирип чыкты. Алар 35 упайдан өйдө топтоп, экинчи турдан өткөн отуз талапкерди үчүнчү айлампага өткөрбөө талабын койду, анткени  көптөгөн талапкер - мурдагы бийлик менен чогуу иштеген соттор болууда.

"Кыргызстандын сотторун тазалоо" кыймылынын төрагасынын орун басары Кубанычбек  Маматкеримов: "Буларды өткөрбөш керек. Эл арасында ансыз деле сотторго болгон ишеним аз. Эми такыр эле жоголот. Булардын айынан качалаган бир жактуу чечимдер чыккан. Азабын тартып отурган абактагылар толтура. Биз алардын сот болуп иштешине каршыбыз".

Жыйынга Сот тандоо кеңешинин мүчөлөрүнөн сырткары, бир нече жарандык коомдун өкүлдөрү дагы байкоочу катары катышты. Алар - тандоо учурунда айрым жеке көз караштар роль ойноп, тааныш-билиш, мурдагы абройго карата чечим чыгарган учурлар болгонун белгилейт.

"Апрель байрагы" кыймылынын байкоочусу Алга  Кылычов: "Биз буга чейин айрым талапкерлер тууралуу - алардын коррупциялык иштерге катышы бар деген далилдүү маалыматтарды бергенбиз. Алар эмнегедир аны эске алган жок. Алар өтсө, эч кандай жаңылануу же реформа деген болбойт..."

Ар бир талапкердин коррупциялык иштерге катыштыгы жана  жеке мүлкү тууралуу маалыматтарды толук чогултуп чыгууга Кеңештин каражаты жетишсиз, бирок түшкөн доо-арыздар каралган жок, - дегенге төрага Шамарал Майчиев кошулбайт.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал  Майчиев: "Ар бир түшкөн доо арызды кеңеш мүчөлөрү доклад окуганда, ар бир талапкерге түшкөн дооматтарды окуп, ага токтолгон. Экинчи турда дагы ошол түшкөн кагаздардын бардыгы каралган. Ага байкоочулар деле күбө болгон".

Эми чечүүчү айлампадан өткөн талапкерлер он күн аралыгында президентке сунушталат. Эгерде президент алардын арасынан айрымдарын колдобосо, Сот тандоо кеңешинин мүчөлөрү үчтөн эки добуш менен аларды парламенттин кароосуна өткөрүүгө укуктуу. Парламент колдосо, андай талапкерлер иштеп кетет, болбосо, бош калган орундарга кайрадан  сынак жарыяланышы мүмкүн.

Источник: http://ktrk.kg/kyr/index.php?newsid=9356

Система Orphus