Адамдын тагдырын КИМ чечет: сот же милиция???

добавлен 11 июля 2012 20:13
просмотров 1083

 

 

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин коомдук кабылдамасына Ниязбекова кайрылган. Анткени анын инисин Ниязбеков Э. жана анын досу Г. Уркумбаевди Жогорку соттун соттук колегиясы М. Осмонкулов, Ж. Абдырахманов, Ш.Жакыпбаев курамында иш бузулуп, кайра  Ленин райондук сотунун кароосуна жиберилип, судья Аденова Г. өз чечими менен 12 жыл эркинен ажыратат (бул балдар соттун чечими менен акталган болчу).

Иштин маңызы: 2009 жылдын 26 сентябрь күнү  Г. Уркумбаев  менен Э. Ниязбеков  Некрасов көчөсүндө Баткен базарынын жанында кетип баратып Ленин районунун ички иштер бөлүмүнүн кечки күзөт кызматкерлери менен кармалып кетишет. Бул окуя түнкү 00.30 болгон. Балдарды издеген ата эне Ленин районунун РОВДде табышкан. Эртеси күнү бул балдарга КР КЖК 97 беренеси менен айып коюлат.

Соттук териштирүүсү:

16.06.2010 ж. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Т. Саатовдун чечими менен Ниязбеков Э. жана Уркунбаев Г. КР КЖК 97 беренеси менен айыптоо кылмыш иши боюнча аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталышсын деп актоо –күмүн чыгарган.

30.07.2010 ж. Бишкек шаардык сотунун Ж.Джусупова, Ж.Жакыпбердиев жана Э. Бейсекеев соттук курамында  ишти карап, Бишкек шаарынын Ленин  райондук сотунун чечимин өзгөртүсүз калтырылсын деп өкүм кылышты.

08.12.2010 ж. КР Жогорку сотунда М. Осмонкулов, Ж. Абдырахманов, Ш.Жакыпбаев сот курамында 1 жана 2 сот инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарып, кайра биринчи инстанциядагы соттун башка курамында жаңыдан короого жиберилсин деп аныкташат.

Айта кете турган нерсе, балдар 00.30да кармалышкан, Холодовду саат 04.00до сабап аткан жеринен, бир күбө көрүп «102» милицияга чалат. Анын көрсөтмөсу боюнча сабап аткан балдардын дене түзүлүшү кармалган балдарга дал келбейт, деп көрсөткөн. Экинчиден, Ленин районунун РОВДнин беш милиция кызматкери бул КР белгилу адамдарынын бир туугандары жана балдары. Мисалы Ногойбаев Арстан – экс министр МВД Ногойбаевдин баласы, Сапарбаев Эрмек – учурдагы ЖК депутаты Жоомарт Сапарбаевдин агасы, Джаманкулов Токтосун - Бишкек шаарынын УВДнин башчысынын (Батырканов) инилери болуп кетет деп - чырылдайт соттолгон баланын эжеси Ниязбекова А. Милиция кызматкерлери телефон чалган күбөнү танытууга (опознание) чакырган эмес. Ал күбө балдарды биринчи жолу сот териштирүү учурунда көргөндүгүн  сот отурумунда көрсөтмө берген.

09.08.2011 ж. бул иш кайрадан Ленин райондук сотко судья Г. Аденова менен каралып Э. Ниязбеков жана Г. Уркунбаевге КР КЖК 97 беренеси менен күнөлү деп табылып 12 (он эки) жылга эркинен  ажыратылсын деп, өкүм чыгат.

Азыркы тапта бул иш Бишкек шаардык сотунда К. Бокоев, Г. Дуйшенбекова, Ж.Толоев курамында карлып атат.

Биздин жарандык кенештин байкоочуларынын  айтымында процесс ачык, процессуалдык нормаларга ылайык өтүп атат. Акыркы отурумунда бүт тарап суралып бүтүп, окуяны көргөн күбөнүн көрсөтмөсүн угуш эле калган, тилеке каршы күбө келген жок деп сот отурумун кийинкиге калтырышса, күбө соттун коридорунда турганын сот катышуучулары көрүп, сот процессин улантуусун суранышса, сот аныктамасы чыгып калды деп, иш кийинкиге жылдырылды.

Биз ишенебиз, Кыргызстанда АКЫЙКАТ СОТ бар, акыйкат чечим чыгат.

 

P.S. Ушул иштин жыйынтыгы кандай болор экен???

Система Orphus