Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70 беренеси менен эки иш каралды.

добавлен 21 сентября 2022 13:07
просмотров 472

 

 

2022-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Таджибаева Т. С.  Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесинде (Үй-бүлөлүк зомбулук) каралган укук бузуу боюнча эки ишти карап чыкты.

Биринчи иш материалдары К. атту жабырлануучунун мас абалында  уруш чыгарган жубайына карата болгон.  Алгач, судья соттук отурумдун ачылышын жарыялады. Андан кийин сот отурумдун катчысы  отурумга келген адамдар жөнүндө маалымат берди.  Жыйынга прокурор, укук бузуу протоколун түзгөн участкалык милиция кызматкери, жабырлануучу жана укук бузуучу катышты. Судья укук бузуучунун жана жабырлануучунун өздүгүн тактады, жана алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрдү. Андан соң участкалык милиционер иштин чоо-жайын айтып берди. Ага ылайык 18-сентябрда аларга чалуу түшүп,  алар окуя болгон жерге баргандыгында укук бузуучу мас абалында чыр чыгарганы такталган. Аталган факты боюнча протокол түзүлгөнүн билдирди.  Укук бузучу   өз күнөөсүн мойнуна алып, аялына кол көтөрбөгөнүн, сөз менен  урушканын, ошондой эле мас абалында жасаганын кошумчалады. Жабырлануучу дагы иштин жагдайы тууралу айтып берди, мындай иш биринчи жолу болгондугун кошумчалады. Жолдошу, ал курбусу менен эскертүүсүз кетип калганы учун уруш чыгарганын жана учурда күйөөсүнө эч кандай дооматы жок экендигин билдирди. Судья тараптарды угуп, прокурордун пикирин сурады. Прокурор укук бузуучуга карата 40 саатка коомдук жумуштарга тартууну суранды. Андан кийин судья кеңешме бөлмөсүнө чыгып, бир аз убакыттан кийин келип,  30 саат коомдук жумуштарга тартуу жөнүндө токтомду жана даттануунун мөөнөттөрүн окуп берди. Ошондой эле, токтомдун аткарылышы укук бузуучунун жашаган жери боюнча пробация органдарына  жөнөтүлөрүн айты.

Экинчи иш  К. атту жаранга карата болгон. Арыз ээси  алыста жашагандыгына байланыштуу сотко келе албагандыгы тууралу участкалык милиция кызматкери билдирди. Андан соң укук бузуучунун өздүгү такталды.  Райондук милиция кызматкери иштин чоо-жайы боюнча маалымат берди. Ага ылайык 18-сентябрь күнү укук бузуучу мас абалында бир тууганы менен урушканын, аларга укук бузуучунун  эжеси арыз бергенин айты. Айтылган факты боюнча протокол түзүлүп жана жарандын мас абалда экендигин текшерүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди. Жана ошондой эле укук бузуучуга биринчи жолу укук бузуу боюнча протокол түзүлгөнүн, ошондой эле ал азыркы учурда тууганынын үйүндө куруучу болуп иштегенин кошумчалады. Судья укук бузуучунун жашаган жери боюнча суроо берди. Ал туруктуу жашаган жери жок болгондугун жана иштеген даректе жашай турганын айты. Ал ошондой эле жасаган иши боюнча өкүнүп жатканын кошумчалады. Прокурор 3 суткага камакка алууну суранды. Судья тараптарды уккандан кийин иштин материалдарында камтылган документтерди окуп берди. Анан соң  кеңешүүчү бөлмөгө чыгып, бир аз убакыт өткөндөн кийин келип, үч күнгө камакка алуу токтомун жана даттануу мөөнөттөрүн жарыялады.

 

Бул иш-чара/бул басылма АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан «Смарт Жаран» Ассоциациясы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жарандык мейкиндикти бирге кеңейтүү» долбоорунун алкагында каржыланган/ каржыланган. Бул жерде айтылган пикирлер, корутундулар жана корутундулар же сунуштар авторлорго таандык жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Smart Zharan ассоциациясынын көз карашын чагылдырбайт."