Үй-бүлөлүк зомбулук – 5 суткага камакка алуу.

добавлен 05 сентября 2022 16:46
просмотров 503

 

 

2022-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда, судья А.А.Акматовдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен  каралган административдик укук бузуу боюнча соттук отурум болуп өттү. Судья отурумду ачык деп жарыялады, катчы келген адамдар боюнча маалымат берди. Сот отурумуна укук бузуучу, жабырлануучу, прокурор жана Биринчи Май РИИБнин №5 шаардык милиция бөлүмүнун участкалык инспектору келди. Андан соң катышуучулар укук бузуу фактысы боюнча өз көрсөтмөлөрүн беришти. Сот тараптарды угуп, жарыш сөзгө өттү.  Прокурор укук бузучуга карата 7 суткага камакка алуу түрүндөгү жаза берүүнү сурады. Участкалык инспектор жана жабырлануучу прокурорду колдошту. Сот тараптарды уккандан соң, кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти. Кеңешүү бөлмөсүнөн чыккандан кийин укук бузучуга карата 5 суткага камакка алуу жөнүндө токтомун окуп берди жана ага даттануу келтируу мөөнөттөрүн түшүндүрдү.

Бул иш-чара/бул басылма АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан «Смарт Жаран» Ассоциациясы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жарандык мейкиндикти бирге кеңейтүү» долбоорунун алкагында каржыланган/ каржыланган. Бул жерде айтылган пикирлер, корутундулар жана корутундулар же сунуштар авторлорго таандык жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Smart Zharan ассоциациясынын көз карашын чагылдырбайт."