Майда бейбаштык - 4 суткага камакка алуу.

добавлен 19 августа 2022 14:36
просмотров 523

 

 

2022-жылдын 18-августунда саат 18.30да Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы А.А.Акматовдун сот отурумуна мониторинг жүргүзүлдү.

Судья сот отурумун ачык деп жарыялап, кандай иш каралып жатканын айты. Андан соң  сот отурумга келгендер жөнүндө маалымат алды. Отурумга  Биринчи Май РИИБнин №5 шаардык милиция бөлүмүнун участкалык инспектору, укук бузучу жана жабырлануучу келишкендиги белгилүү болду. Андан соң судья процесстин катышуучуларынын өздүгүн аныктап, тараптардын укук жана милдеттерин айтып, соттун курамын жарыялады.

Андан кийин сөз укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн участкалык инспекторго берилди, ал иштин жагдайларына кыскача токтолду. Андан соң судья укук бузучуга кайрылып, ал КР Укук бузулар жөнүндө кодексинин 126 (Майда бейбаштык) беренеси боюнча  айыпталып жатканын түшүндүрүп, «Бул тууралу эмне айтасыз» деп сурады. Укук бузучу өз күнөөсүн мойнуна алып, ошондой эле бул жосунду мас абалында жасаганын кошумчалап, соттон кечирим сурады. Судья, аны менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү.  Андан кийин жабырлануучуга сөз берилди, укук бузучу анын үйүнө келип тынчын алып, оозго келбес сөздөр менен сөккөнүн айтты. Ошол күнү ал унаа менен келип, тосмону бузуп салганын билдирди. Судья тараптардын пикирин угуп, толуктоолорду сурады. Кошумчалар жок  болгондугуна байланышту, материалдарды изилдөөгө өттү. Андан кийин жарыш сөз үчүн прокурорго сөз берди.

Прокурор укук бузучу жабырлануучуну системалуу түрдө тынчын алып жатканын эске алып, аталган укук бузуу боюнча 5 суткага камакка алууну сурады. Укук бузган жаран күнөөсүн мойнуна алып, жабырлануучудан кечирим сурады, бирок судьянын: «Соттон эмне сурайсыз?» деген суроосуна жооп бере алган жок. Бир гана камакка алсаңыз, алыңыз бирок эртенки күндөн баштап, бүгүн иштерим бар эле деп кошуп айтты. Жабырлануучу тарап прокурорду колдоп, бирок катуураак жаза берүүнү суранды. Сот тараптарды уккандан кийин, кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти. Кеңешүү бөлмөсүнөн  келип, укук бузучуга карата 4 суткага камакка алуу жөнүндө токтомду, ошондой эле даттануу мөөнөтүн окуп берди. Судья укук бузучу күнөөсүн мойнуна алып, өкүнгөндүгүн эске алып мындай чечимге келгенин түшүндүрдү да, сот отурумун жабык деп жарыяланды.

P.S. Судья 4 суткага камакка алуу токтомун кабыл алды жана даттануу мөөнөтүн  түшүндүрдү. Ага ылайык, кармалган адам 10 күндүн ичинде токтомго жогору турган инстанцияга даттануу келтирсе болот. КР Укук бузулар жөнүндө кодексинин 566-беренесине ылайык «Камакка алуу жөнүндө соттун токтому чыгарылгандан кийин токтосуз аткарылат», ал эми ушул эле кодекстин 539-беренсинин 6-пунктуна ылайык «Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом, эгерде ал даттанылбаса, датануу мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет» - деп айтылган.  Эмне себептен  күчүнө кирбеген токтом, токтосуз аткарылат???

 

Бул иш-чара/бул басылма АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан «Смарт Жаран» Ассоциациясы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жарандык мейкиндикти бирге кеңейтүү» долбоорунун алкагында каржыланган. Бул жерде айтылган пикирлер, корутундулар  же сунуштар авторлорго таандык жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Smart Zharan ассоциациясынын көз карашын чагылдырбайт."