Сот отуруму бешинчи жолу кийинкиге калтырылды

добавлен 18 августа 2022 11:22
просмотров 584

 

 

2022-жылдын 8-август күнү Баткен райондук сотунда судья Садыков Болот Калыбековичтин төрагалыгында блогер Батмакан Жолболдуеванын акыркы бешинчи сот отурумун кароого киришти.  Төрагалык кылуучу судья отурумду ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Ишти кароо саат 14:00 гө белгиленип өз убагында башталды. Бүгүн бешинчи акыркы сот отуруму болуп өтүшү керек болгон, бирок айыпталуучу Жалал-Абад шаарында  абакта болгондуктан ал алып келинген эмес. Ага себеп Батмакан Жолболдуеваны алып келүүгө аял конвойлор жоктугу себеп кылып көрсөтүлдү. Ага карата залда отургандардан наразычылык  пайда болду. Ал эми судья сот отурумуна күбөлөр да толук келген эмес деп, отурумду башка күнгө калтыруу туура болоорун билдирип, мындай учурда судья сот отурумун өткөрүүгө мыйзам жол бербестигин кошумчалады. Ошол учурда тараптардан бири бүгүн акыркы отурум болгондуктан, күбөлөрдү чакырып ишти карап берүүнү судьядан суранды. Бирок судья ал өтүнүчтү четке какты. Ошентип ишти кайра кароону судья 2022-жылдын  18-августу саат 14:00гө калтырды.