Баткен райондук сотунда кезектеги мониторинг.

добавлен 20 апреля 2022 11:55
просмотров 669

 

 

2022-жылдын 19-апрель күнү Баткен райондук сотуна мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг жүргүзүлгөн учурда райондук соттун төрайымы Турдуманбетова Индира Таштанбековна Ош шаарында, түштүк регионундагы сотторго байланыштуу өткөрүлүп жаткан иш-чарага кеткени маалым болду. Ошондой эле экинчи судья Ажимуратов Болот Камилович да Ош шаарына кеткен. Азыркы учурда райондук сотунда бир гана Жолдошалиев Расул Абдурахманович иштеп жатат. Бирок жумуш графигинде анын бүгүнкүгө каралуучу отурумдары жок болгондуктан,  байкоочу ага түз кайрылып  себебин сураган. Сот аткаруучу жаны отпускадан келгенин, ошого байланыштуу бул жумага отурумдар дайындала электигин билдиришкен.