Күбөлөр туура эмес маалымат берип, судьянын кыжырдануусуна себеп болушту.

добавлен 22 марта 2022 11:13
просмотров 545

 

 

2022-жылдын 14-март күнү Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунда судья Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевичтин төрагалыгында КРнын ЖКнин 123-125 беренеси «Адамды мыйзамсыз урдоо жана эркинен ажыратуу» боюнча сот отуруму болуп өттү. Ишти кароо 14:30га белгиленип, өз убагында башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер тууралуу маалымат берди. Андан кийин күбөлөр бирден сот залына чакырылды, аларга судья  жана мамлекеттик айыптоочу кылмыш иш боюнча суроо беришти. Алгач күбөнүн өздүгү такталып, ага укук жана милдеттери түшүнтүрүлдү. Жалган маалымат берген учурда КРнын кылмыш жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылышы эскертилип, кол койдурулду.  

Күбө мамлекеттик айыптоочу жана жактоочу тарабынан берилген ар бир суроого  «Эсимде жок»,-деп жооп берип туруп алды. Анын бул аракетине судья, мамлекеттик айыптоочу,  жактоочу да түшүнбөй койду. Бир кезде жактоочу күбөгө «Сенин акылың ордундабы?», - деп сурады. Күбө: «Буга чейин башымдан жаракат алганым үчүн, көп нерселерди унутуп калдым, эсимде жок»,-деп жооп берди. Сот залына чакырылган башка күбөлөр да түшүнүксүз көрсөтмө берип, судьянын кыжырдануусуна себеп болушту. Судья аларга туура көрсөтмө берүүсүн, сот отуруму башталган учурда туура эмес көрсөтмө берген учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылууга макулдук берип, кол коюшканын эскерти жана тийиштүү чара көрүүгө мажбур кылбоого чакырды. Сот отуруму эки сааттан ашык убакытка созулуп, жыйынтыгында судья күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, келтирилген далилдер жана документтерди карап чыгып, ишти кайрадан кароону 2022-жылдын 22-марты саат 10:20га калтырды.