Сот отуруму кийинкиге калтырылды

добавлен 24 января 2022 13:31
просмотров 500

 

 

2022-жылдын 18-январь куну Кадамжай райондук сотунда судья Тажибаев Илязбек Курванбековичтин төрагалыгында КР ЖКнин 204-беренеси 3-бөлүмү, 225-беренеси боюнча айыпталып жаткан А.Ж.М., га карата ишти кароого киришти. Соттук процесс 15:30 белгиленген, бирок прокурордун башка сот отурумдарына катышкандыгына байланыштуу саат 17:30 да башталды. Жактоочу жарыш сөзгө чейин өтүнучтөрдү тапшырууну суранды. Өтүнүчтөр кабыл алынды. Судья жарыш сөзгө өттү. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысын угузду.

Жарыш сөздө жабырлануучуга сөз берилип, ал алдамчылык менен алынган 350 мин сом өлчөмүндөгү акчасын өндүрүп, мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүндү. Ошондой эле айыпталуучунун жактоочусу судьядан айыпталуучу күнөөсүн толук мойнуна алып, акчаны кайтарып берет деп, судьядан 50 мин сом өлчөмүндө эле айып пул салууну өтүндү. Айыпталуучу А.Ж.М., буга чейин жасалма акчаларды күрөөгө кою, адамдардын машиналарын алып, алдамчылык менен аларга зыян жеткирип келген. Прокурорго сөз берилип, ал кылмышкерди камоону өтүндү. Сот тараптардын акыркы сөзүн угууну 2022-жылдын 20-январь саат 16:00гө калтырды.