Доогер соттон адилет чечим чыгарып берууну отунду

добавлен 24 января 2022 13:22
просмотров 479

 

 

2022-жылдын 18-январь күнү  Кадамжай райондук сотунда Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич төрагалыгында КР ЖжЖКИнин 119-беренеси боюнча “Кылмыштын кесепетинен келип чыккан материалдык жана моралдык зыяндарды өндүрүү” боюнча Ж.У.П.га, карата ишти кароого киришти. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Процесс саат 11:20 га белгиленип, өз убагында башталды. Төрагалык кылуучу тараптардын өздүгүн тактоого өттү. Аларга  укук жана милдеттери түшүндүрүлдү. Судья соттук териштирүүгө өтүүнү жарыялады. Соттук териштирүүдө судья иштин кандай болгону жана себептери тууралуу тараптарга угузду. Доогер доо арызды колдогонго макул болду жана анын ар-намысына шек келтиргендигин, ден-соолугуна да зыян жеткенин айтып мыйзам чегинде жоопкерге карата чара көрүлүшүн суранды. Доогердин айтымында Ж.У.П.,  А. С.К.нын  башына урганын да кошумчалады. Жоопкер доо арызды колдобойм деп жооп берди.  Арада доогердин өкүлүнө сөз берилди ал жоопкер Ж.У.П.,дан аял кишиге карата акарат кылганы, моралдык зыян үчүн 500 миң сом өлчөмүндө акча каражатын өндүрүп берүүнү суранды.

Судья ушул айтылган айыптоолор боюнча далилдерди келтирүүнү доогердин жактоочусунан сураганда, жактоочу  окуяга күбө болгондордун түшүнүк каттары бар экендигин айтты. Кийин жоопкер ага жүктөлгөн айыптоолорду мойнуна албастыгын, болгону тартипти бузганы үчүн  мамлекетке 30 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөгөндүгүн гана айтты. Эки тарап бир учурда тартыша кетишти, судья тынчтыкты сактоону өтүндү. Судья иш материалдары менен таанышып, тараптарды угуп кийинки сот отурумун 2022-жылдын 2-февраь саат 10:00 гө калтырды.