Жактоочунун жоопкерчиликсиз мамилесинен улам сот отуруму кийинкиге калтырылды

добавлен 19 января 2022 14:02
просмотров 514

 

 

2022-жылдын 18-январь күнү Кадамжай райондук сотунда судья Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевичтин төрагалыгында КР ЖКнин 200-беренесинин 1-бөлүмү боюнча айыпталган А.С. Ж., га карата сот отуруму болуп өттү. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Сот отуруму саат 13:00гө белгиленип өз убагында башталды. Айыпталуучунун жактоочусу башка сот отурумуна катышып жаткандыктан ишти кароону башка күнгө жылдырууну өтүнгөн. Бирок тараптар акыркы учурларда мал жандыктар көп уурдалып жаткандыктан ишти создуктурбастан карап берүүнү өтүнүштү. Мындан сырткары мал уурдаганга шектүүлөрдөн бири О.Т.О.ну сот отурумуна келгендигинен пайдаланып камакка алууну суранышты.

Судья жогорудагы иш боюнча мыйзамга ылайык тараптар толук болмоюнча ишти кароого укугу жок экендигин түшүнтүрдү. Айыпталуучу ага коюлуп жаткан күнөөну мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берүүгө даяр экенин айтты.  Бирок жабырлануучулар айыпталуучу буга чейин эч кандай сүйлөшүүлөргө  барбагандыгын да маалымдашты. Сот айыпталуучунун жактоочусу жок болгондугуна байланыштуу ишти кайра кароону  2022-жылдын 31-январь күнү 14:00 гө калтырылды. Сот отуруму ушуну менен аяктады.