Соттук коллегия бул сапар да отонучторду канаатандырган жок

добавлен 27 декабря 2021 14:35
просмотров 586

 

 

2021-жылдын 23-декабрь күнү Ош облустук сотунда жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында төрагалык кылуучу судья Жобонов К. К., судьялар: Кубатов А. Э. жана Закиров С. Ж. КР ЖКнын 130-беренеси менен айыпталган К. М. нын сот отуруму 16:20да башталды.

Соттук коллегия сот отурумун ачык деп жарыялап катчыдан келгендер жөнүндө сурады. Сот отурумуна мамлекеттик айыптоочу, айыпталуучунун адвокаты келди.

Соттук коллегия: «Отүнүчтөр барбы?» деп сурады.

Айыпталуучунун адвокаты өтүнүч келтирди. Ал өтүнүчтүн мазмуну төмөнкүдөй: аталган иш боюнча соттук медициналык экспертизанын корутундусунда суроо жараткан жагдайлар бар. Ал жерде маркумдун баш сөөгүнөн алынган бөлүктөрдүн баары экспертизадан өткөн эмес жана кайсы учурда, кандай абалда атылганы такталган эмес. Ушул жана башка күмөндүү карама-каршылыктар болгону үчүн комиссиялык соттук медициналык экспертиза дайындоону өтүндү. Бул өтүнүчкө мамлекеттик айыптоочу каршы болду. Соттук коллегия кеңешип өтүнүчтү канаатандырган жок.

Сот отуруму 28-декабрга жылдырылды.

 

P. S. Буга чейинки сот отурумунда да айыпталуучу тараптын өтүнүчтөрүн бири да канааттандырылган жок. Биз бул жонундо жазганбыз. Андан сырткары кароого коюлган иш тизмелеринде бул соттук иш коюлган эмес. Айыпталуучунун апасынын айтымында бул сот отуруму саат 15:00гө дайындалган. Бирок 16:20да башталды.