Кызыл-Кыя шаардык сотуна мониторинг жургузулду

добавлен 21 декабря 2021 15:44
просмотров 717

 

 

2021-жылдын 20-декабрь күнү  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотуна мониторинг жүргүздү. Байкоочу сот имаратына кирип, жумушчу графигине көз чаптырган. Сот процесстеринин ыраттамалары ар жума сайын жаңыланганы менен анда отурумдун күндөрү тартипсиз жазылган. Мисалы: бүгүн 20-декабрь болсо, 21,23,22,16-декабрь деп жазылганына күбө болосун. Кызыл-Кыя шаардык сотунда бүгүнкү күндө 3 судьянын жардамчысы, 3 жооптуу катчы, бир төрага, эки судья, эки прокурор штаттык тартипте иштеп жатат. Бир судья ушул жылдын 13-декабрында жаңы дайындалып келген. Жалпы кызматкерлердин саны 18 түзөт. Имарат бир канча жолу кпиталдык оңдоодон өткөн жана кызматкерлер үчүн бардык шарттар каралган. Ар бир бөлмө жарык, кызматкерлерге иштегенге ыңгайлуу. Сот отурумдары үчүн 3 сот залы каралып, ар биринин сыртында табло жайгаштырылган. Видео жана аудио жазуулар үчүн техникалык жабдыктар жайгаштырылып иштеп жатат. Судья кеңешүү бөлмөсүнө элдерди аралап чыкпашы үчүн башка эшик ачылган. Имаратта коопсуздук толук кандуу камсыздалган деп айтууга болбойт. Анткени имараттын терезелери тосмолор менен тосулган эмес. Бул маселени чечүү үчүн кат менен тийиштүү тараптарга кат жолдошкон.   

 

Ошол эле күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунда мониторинг жүргүзүлдүлдү. Отурумда төрагалык кылуучу Адимов Акылбек Акматович КР жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгү менен айыпталган М.С.У., га карата жазык ишин кароого киришти. Процесс саат 14:00 гө белгиленип, өз убагында башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер тууралуу маалымат берди. Процесске жабырлануучу келбегендиктен, төрага 10 мүнөткө тыныгуу жарыялады.

Тыныгуудан кийин отурум улантылып, иш боюнча буга чейинки отурумда жабырлануучу тараптын өтүнүчү канаатандырылганы судья тарабынан эскертилип, кошумча күбөлөрду сыртка чыгып туруусун өтүндү. Андан кийин негизги күбө суралып, анын өздүгү такталды. Ага жалган маалымат берген учурда КР мыйзамында көрсөтүлгөн тартипке ылайык жоопкерчиликке тартылышы эскертилип, кол койдурулду. Мамлекеттик айыптоочу тарабынан күбөгө тактоочу суроолор берилди. Кошумча куболор да сот залына бирден чакырылып, иш боюнча суроолорго жооп беришти. Күбөлөрдөн бири медицина кызматкери Ж.Т.У. аттуу жаран мамлекеттик айыптоочу жана жактоочулар тарабынан берилген суроолорго ар түрдүү жооп берип, туура, анык жооп берүүдөн качканга аракет кылды. Анын бул аракети судья тарабынан да сынга алынып, жалган маалымат берген учурда жоопкерчиликке тартылышы дагы бир жолу эскертилди. Бирок ага карабастан күбө “точно не помню”,-дегенден башка сөзгө өтпөй туруп алды. Бул башка тараптардын да наразычылыгына себеп болду. Сот тараптардын пикирин угуп, келтирилген документтерди карап чыгып, кошумча күбөлөрдү камсыздоо боюнча тийиштүү тарапка тапшырма берип, өзгөчө прокурордон жардам берүүсүн өтүндү. Ушунтип кийинки сот отуруму 2021-жылдын 24-декабры саат 10:00 го калтырылды.