Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунда мониторинг жургузулду

добавлен 20 декабря 2021 11:09
просмотров 456

 

 

2021-жылдын 16-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук сотунда мониторинг жүргүзүлдү.

Биринчи кезекте иш тизмелерине байкоо жүргүзүлдү.

 

Иш тизмеси жок же мөөнөтү жаңыланбаган судьялардын аты-жөнү:

1. Баймуратов Н. Р. - иш тизмеси илинбеген;

2. Сарыбаев Б. А. - иш тизмеси 22-ноябрдан бери жаңыланбаган;

3. Мамасалиева М. - иш тизмеси 1-декабрдан бери жаңыланбаган.

 

Соттук кароого коюлган иш тизмелери жаңыланган судьялардын аты-жөнү:

1. Кенжебаев Н. Т.;

2.  Токтомаматов К. Ж.;

3. Анарботоева Б. Р.;

4. Сооронбаев Н. К.;

5. Туманова В. С. ;

6. Арзиев М. М.;

7. Гуламидин уулу Э.;

8. Маматов К. И.

 

Судья Баймуратов Н.Р. иш тизмесин байкоо жүргүзүлгөндөн кийин 10-15 мүнөттө алып келип илишти.

Ошол эле  күнү Кара-Суу райондук сотунда төрагалык кылуучу судья Токтомаматов К. Ж. КР ЖКнын 200-бер. 2-бөл., 180-бер. 1-бөл. менен айыпталган Ш. М. жана М. А.лардын кылмыш ишин карады. Сот отуруму саат 11:00гө белгиленген жана өз убагында башталган. Судья сот отурумун процессуалдык нормаларды сактоо менен баштады. Бирок сот процесске бир гана прокурор келип, калагн иш катышуучулары келген эмес. Катчыдан алардын келбегенин себебин сураганда, баардык тараптарга  чакыруу кагазы жөнөтүлгөнүн белгилеп кетти. Төрагалык кылуучу сот отурумун башка күнгө жылдырды.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай. Сот имаратынын кире берүүчү жерге жарандар үчүн күтүп отуруучу жай кылынган. Бирок жылуулук жоктугунан абдан суук болуп жарандарга, өзгөчө улгайган адамдарга ыңгайсыз.