Адвокаттар судьяга ишенбоочулук корсотту.

добавлен 17 декабря 2021 11:53
просмотров 591

 

 

Ош шаардык сотунда 2021-жылдын 13-декабрь  куну саат 14:00гө судья Н. Н. Турдалиевдин кароосуна КР ЖКнин 304-350-359-беренелери менен айыпталышкан Ж. Ч., М. А., К. Е.дин сот отуруму белгиленген. Бирок сот залдары бош болбогондуктан, сот отуруму 35 мүнөткө кеч башталды.

Төрагалык кылуучу судья бардык процессуалдык нормаларды сактоо менен сот отурумун баштады. Сот отурумуна прокурор, жабырлануучунун өкүлү, айыпталуучулар жана алардын адвокаттары келишкен.

Төрагалык кылуучу тараптардан өтүнүчтөр боюнча сурады. Анда прокурор Ош облустук прокуратурасына адвокат Н. Сүйүнбаевадfн арыз келгендигин айтып, аталган арызды окуп берди. Ал арызда маркум К. Д.нын экинчи турмушунан болгон балдары мураскор болгондуктан, аларды жабырлануучу деп таанууну жазган.  Төрагалык кылуучу судья  өтүнуч боюнча биринчи адвокаттын оюн сурады. Ал бул суроо сотко чейинки өндүрүштө  каралбаганын айтып, сот бул өтүнучту канаатандырса туура эмес болуп калат деп кошумчалады. Адвокат Т. С.  коллегасынын айтканын колдоду. Адвокат А. З. дагы буларды колдоп, арыз прокурордун атына жазылып, соттун атына жазылбагандыктан сот бул арызды кароого укугу жоктугун жана бул маселе тергөөнүн милдетти экендигин белгилеп, бул суроого прокурор да кийлигише албоосун айтты.  Айткандарын негиз кылып өтүнучту канаатандырбоону суранды. Адвокат С. Х. да өз коллегасын колдоп, тергөө учурунда бул иште арызда айтылган адамдар жабырлануучу болуп эсептелбегендигин, материалдык жана моралдык зыян келтирилгендигин териштирилген эместигин айтып, эгерде сот бул өтүнучту канаатандырса өз ыйгарым укугунун чегинен чыккандык болоорун айтты. Айыпталуучулар өз адвокаттарын колдоду. Прокурор өтүнучту соттун кароосуна койду. Сот кеңешме бөлмөсүнө чыгып келип Н. Сүйүнбаеванын прокурордун атына жазган өтүнучун канаатандырып, жогоруда аталган маркум К. Д.нын үч баласын жабырлануучу деп тапты. Адвокат А. З. бул чечимди негиздеп берүүнү суранды. Сот маркум К. Д.нын  биринчи турмушундагы баласы иштин материалдары боюнча жабырлануучу деп табылганын белгилеп,  экинчи турмушундагы балдары да ошол эле укуктарга ээ экендигин айтты. Бул токтомго ушул иш боюнча чечим чыккандан кийин  даттана алышаарын кошумчалады. Адвокат А. Т. судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Адвокаттар А. З. жана С. Х. бул ишенбөөчүлүктү колдоп, адвокат А. З. буга чейинки токтомдун көчүрмөсүн берилбегенин, процессуалдык нормалар сакталбаганын кошумчалап, судья бул иште өзү кызыктар экенине күмөнү бар экенин айтып, ишти башка судьяга өткөрүп берүүсүн суранды. Прокурор, ЗАГСтын өкүлү жана адвокат Т. С. Бул маселени соттун кароосуна калтырды.

Сот кеңешме бөлмөсүнө чыгып келип ишенбөөчүлүктү канаатандырган жок.

ЗАГСтын өкүлү А. Н.ди сурап баштады. Окуя боюнча маркум К. Д. күбөлүк алган учурда өзү кол койбогонун айттып, ага соттук кол жазма экспертизасынын корутундусун негиз кылды. Анын ордуна башка адам кол койгонун кошумчалады. Адвокаттар жана прокурордун тарабынан көптөгөн суроолор болду. Алардын негизгилеринен болуп нике күбөлүгүн алуу процесси, кызматкерлердин бири-биринин паролдорун билишеби, каралып жаткан иште ЗАГС жабырлануучу болуп жаткандыктан кандай моралдык же материалдык зыян тартканын, айыпталуучу Ж. С. жана М. А. ошол жасалган нике күбөлүгүнө кандай тиешеси бардыгын, ушул иште кандай иш аракеттерди аткаргандыгын сурады.  Баардык суроого жооп берип, бирок жабырлануучу катары ЗАГС кандай зыян тарткандыгын айта алган жок.

Бул сот отуруму 14:35дан 16:20ке чейин уланды. Кеч болуп калгандыктан сот отуруму 21-декабрга саат 14:00гө жылдырылды.

P.S. Бул ишке тиешелүү сот отуруму Ош облустук сотунда болуп өткөн. Ал ишке да байкоо жүргүзүлгөн. Ал иш бул шилтемеде http://www.koom.kg/index.php?act=material&id=5940.