Соттук коллегия прокурордун отунучун гана канааттандырып жатат.

добавлен 06 декабря 2021 15:52
просмотров 562

 

 

2021-жылдын 1-декабрь күнүнө Ош облустук  сотунда жазык иштер жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында төрагалык кылуучу Жобонов К. К., судьялар Кубатов А. Э. жана Закиров С. Ж. КР. ЖКнин 130-беренесинин 2-б. менен айыпталган К. М.нын сот отуруму 15:00гө дайындалган (биз бул иш жөнүндө жазганбыз).

Сот отуруму бир саат кечигүү менен башталды.

Соттук коллегия сот отурумун ачык деп жарыялап, катчыдан келгендер жөнүндө сурады.

Сот отурумуна бир мамлекеттик айыптоочу С. А. келген. Ал эми айыпталуучунун адвокаты келген эмес. Айыпталуучу К. М.ны конвой менен камсыз кылышкан эмес.

Соттук коллегия айыпталуучунун адвокатынан өтүнүч келгенин айтып, аны окуп берди.  Ал өтүнүчтө айыпталуучунун адвокаты азыркы учурда ооруп даарыланып жатканына байланыштуу, сот отурумун 10-17 декабрь күндөрүнө жылдырып берүүсүн өтүнгөн. Ошондой эле айыпталуучу да ооруп калган, ал жөнүндө изолятордон билдирүү келген.

Мамлекеттик айыптоочу адвокаттын өтүнүчүнө  тастыктоочу документтер тиркелбегенин белгилеп, өтүнучкө каршы болду, жана сот отурумун кийинки күнгө жылдырып берүүсүн өтүндү. Соттук коллегия мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүн канааттандырып, сот отурумун кийинки күнгө, саат 15.00го жылдырды.