Жабырлануучу тосмо арыз жазып берген.

добавлен 30 ноября 2021 11:27
просмотров 550

 

 

2021-жылдын 24-ноябрь күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Маматов Т. Т.  КР ЖКнын 206-бер. 2-б. 3-п. менен айыпталган жаран О. Н. К.нын жазык ишин саат 14:00гө белгиленген.

Судья Маматов Т. Т. сот отурумун ачык деп,  процессуалдык нормаларды сактоо менен сот отурумун баштады.

Катчы сот отурумуна келгендер жөнүндө маалымат берди. Сот отурумуна мамлекеттик айыптоочу, жабырлануучу, айыпталуучу жана анын адвокаты келген.

Прокурор айыптоо актысын окуду. Кыскача мазмуну төмөндөгүдөй: 2021-жылдын 30-августан 31-августна караган түнү Ош шаарынын Разаков көчөсүнүн көп кабаттуу үйлөрдүн биринин астында токтоп турган «Тико» үлгүсүндөгү автоунааны шериги менен уруксатсыз айдап кетишкен. Алар автоунаа менен Өзгөн районунун Табылды айылына жеткенде машинанын бензини түгөнүп калгандыктан машинаны таштап кетип калышкан. Учурда өздөрүнүн кыймыл-аракеттери менен жабырлануучуга бир топ материалдык чыгым келтиришкен.

Сот айыпталуучуну сурак кылганда ал дагы ушул эле окуяны айтып, бирок ал жерде айыпталуучун шериги машинаны жүргүзгөн учурда жөн гана айланада адам жоктугун карап көмөктөш болуп калгандыгын кошумчалады.

Жабырлануучу да окуяны жогоруда айтылгандай кылып айтып берди.

Азыркы учурда жабырлануучу өз унаасын кайтарып алгандыгын жана айыпталуучуга карата тосмо арыз жазып бергендигин айтты.

Сот бардык тараптарды угуп, жабырлануучунун кийинки сот процесстерине келе албагандыгына байланыштуу ага жарыш сөзүн берди. Жабырлануучу жарыш сөзүндө айыпталуучуга карата жазып берген тосмо арызын колдоп, айыпталуучу чыгып апасын кароосу керектигин айтты.

Сот калган тараптарды кийинки сот отурумуна жарыш сөзгө чыгаарын айтты. Айыпталуучунун бөгөт коюу чарасын убактысы келип калгандыгына байланыштуу тараптардан оюн сурады.

Прокурор бөгөт коюу чарасын узартуу керектигин айтты. Адвокат соттун кароосуна койду. Айыпталуучу  азыркы учурда апасы орууганына байланыштуу, абактан бошотуп берүүсүн суранды.

Судья Маматов Т. Т. прокурордун айтканын канааттандырып, бөгөт коюу чарасын узартты жана сот отуруму башка күнгө жылдырды.

P. S Айыпталуучунун адвокаты бөгөт коюу чарасын сураганда соттун кароосуна койгону кайдыгер карагандай болду. Айыпталуучунун апасы оорукчан, апасынын айыпталуучудан башка эч кимиси жок экенин айыпталуучу ыйлап айтып жатты. Ага кошумча жабырлануучу айыпталуучуга карата тосмо арыз жазып берген. Ал эми айыпталуучу өзү да мурда соттолгон эмес. Ушул нерселерден кийин соттун бөгөт коюу чарасы боюнча кабыл алган чечими гумандуулукка жатпагандай сыяктанат.