Сот отуруму учурунда ата балдарын жакшы корушун айтып, козуно жаш алды

добавлен 26 ноября 2021 16:50
просмотров 515

 

 

2021-жылдын 23-ноябрь күнү Кадамжай райондук сотунда Ажиматов У. А. төрагалыгында  «Алимент өндүрүү боюнча» жарандык иши каралды. Судья отурумду ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Процесс саат 14:00 гө белгиленип өз убагында башталды. Төрага  тараптарга алдын ала сот жыйналышы өтүшүн маалымдап жатып үй-булөнү сактап калууга эч кандай мүмкүнчүлүк жокпу деп жоопкер У.С.Д.га суроо берди. Ал: “Мен ажырашууга кызыктар эмесмин, аялым ортодогу пикир келишпестиктен улам ушул чечимге келди. Балдарымды жакшы көрөм мыйзам чегинде чечим кабыл алууңузду гана сураймын”,-деп жооп берди. Судья тараптардан башка  өтунүч жана кошумчалар жокпу деп сурап, соттук териштирүүгө өттү. Доор арыз боюнча кыскача түшүндүрмө берүүнү доогердин жактоочусунан судья сурады. Иш боюнча күбөлөр жок болгондуктан судья жазуу боюнча далилдерге өтүүнү маалым кылды. Соттук териштирүү аяктап жарыш сөзгө кезек жетип, доогердин жактоочусуна сөз берилди. Ал доогер тараптын алимент өндүрүү боюнча өтүнүчүн канаатандырып берүүнү суранды. Бул өтүнүчкө жооп иретинде жаран У.С.Д. үч баласына алимент төлөөгө даяр экендигин билдирди.  Сот тараптарды угуп, кеңешүү бөлмөсүнө чыкты. Төрагалык кылуучу судья Ажиматов Улан Абдыкаарович кеңешүү бөлмөсүнөн кайтып келип, чечимди угузду. Ага ылайык У.С.Д. аттуу жаран үч баласы 18 жашка толгонго чейин алимент төлөөгө милдеттендирилди.

Ушул менен процесс аягына чыкты.