Жактоочунун жоопкерчиликсиз мамилеси судьянын кыжырлануусуна себеп болду

добавлен 26 ноября 2021 16:19
просмотров 558

 

 

     2021-жылдын 23-ноябрь күнү Абдисаматов Г. А. төрагалыгында КР ЖКнин 269-беренеси боюнча жоопкер А.Ж.М., га карата жазык иши каралды. Процесс  саат 13:00 белгиленип, бирок тараптардын кечиккендигине байланыштуу саат 13:36 башталды. Судья тарабынан отурум ачык деп жарыяланып, катчы келгендер тууралуу маалымат берди.  Андан кийин судья жазык иши боюнча айыпталуучунун өтүнүчүн угузду. Ага ылайык айыпталуучу да, анын жактоочусу да, ден-соолугуна байланыштуу бүгүнкү сот отурумуна келишкен эмес. Ошондой эле каралып жаткан ишке экинчи тараптын жактоочусу да келбей койгон. Келе албастыгы тууралуу кат жузүндө кенсеге да кайрылбагандыгы судьянын ачуусун келтирди. Тараптар толук катышпагандыктан кезектеги сот отуруму 2021-жылдын 2-декабры саат 14:00 калтырылды.

           

                Андан кийин судья Абдисаматов Г.А. төрагалыгында «Нике күбөлүгүн жараксыз деп табуу» боюнча сот отуруму болуп өттү. Судья отурумду ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Процесс саат 11:00 белгиленип өз убагында башталды. Андан кийин төрагалык кылуучу судья тараптардын өздүгүн тактоого киришти. Сот отурмунда катышып жаткан тараптарга укук жана милдеттери түшүнтүрүлдү. Тараптардын өздүгү такталып, укук жана милдеттери судья тарабынан түшүнтүрүлгөндөн кийин, алдын ала сот жыйналышында каралуучу маселелерге кезек жетти. Бул жагдайда төрагалык кылуучу Абдисаматов Г.А., өтүнүч, кошумчалар барбы деп сураганда тараптар жок деп жооп беришти. Ага ылайык судья отурумда айтылган сунуш жана пикирлерди, иш боюнча материалдарды карап чыгып кезектеги сот отурумун 2021-жылдын 2-декабрь саат 11:00гө калтырды.

P.S:Байкоочу: “Сот отуруму боюнча айта турган болсом, бизге тааныш болгон жана көнүмүш адатка айланып калган кечигүү, шылтоо айтып отурумга атайы келбей кою учурлары ар дайым катталат. Албетте мындай учурга Кадамжай райондук сотуна келсеңиз күбө болосуз. Отурумдун башталышын көпучурда жарандар эмес, катчы жана судьялар күтүп турат. Сот отуруму белгиленип, тараптар кат жүзүндө да телефон чалу аркылуу да чакырылат. Бирок отурум болгон күнү биринчи же экинчи тарап келбей коёт же үчүнчү тарап келбей коёт же болбосо жарым саат, бир саатка кечигип келишет. Ар бир сот отурумунда жок дегенде бир тарап келбеген болот. Себептери суралганда бир эле шылтоо: “Ден-соолугума байланыштуу отурумду башка күнгө жылдырууну суранам”,-деген сөздөр айтылат. Мындай жоопкерчиликсиз учурлар тууралуу биз жыл башынан бери жазып келебиз. Отурумда төрагалык кылуучу судьяларда ишти создуктурбай, өз убагында жыйынтыктоого кызыктар экендигин көп жолу айтышкан. Биз байкоочулар да жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жана сот отурумдарына өз убагында келип катышууга чакырабыз.”