Райондук сотто катуу козомолбу же коргонуубу

добавлен 23 ноября 2021 14:03
просмотров 541

 

 

2021-жылдын 22-ноябрь күнү Ош облусунун Араван райондук сотунда мониторинг жүргүзүлдү.

Соттук кароого коюлган иш тизмелерге токтолсок, кароого коюлган кылмыш иштердин тизмелери да, жарандык  иштердин тизмелери да жаңыланган. Бирок суроо жараткан жери соттук иштерди караган бир да судьянын аты-жөнү жазылган эмес. Андан сырткары сот залына  микрофондорду орнотуп коюшкан. Бирок диск камсыз болбогондуктан сот отурумдары жазылбай жатат. Буга чейинки мониторингте сот залында микрофондоо жок болгон жана сот отурумдары жазылбай жаткан. Биз бул жөнүндө жазганбыз.

P. S. Жогоруда айтылган маселе боюнча мурда төрага Колопов Э. С.га кайрылганда ал бул көрүнүштү коррупцияга жол бербөө максатында кылынганын билдирген. Анын айтымында ишти караган судьянын аты-жөнүн билишпесе кызыктар тарап аны менен келишип, ишти оңунан чечүү мүмкүнчүлүгү жоголот деп айткан. Бирок ансыз эле сот имаратында аябай көп камералар коюлган. Ага  кошумча 2-кабатка көтөрүлө турган тепкичке темирден тор эшик орнотулуп, судьялар отурган кабинеттерге жарандар жөн кире алышпайт.

Бир адвокаттын айтуусу боюнча 2 жолу коррупция менен судьялар кармалгандан улам жогоруда айтылган тор эшик орнотулган. Эми ушундай көзөмөл чын эле коррупцияга жол бербөө үчүнбү, же коррупцияны жашыруу үчүнбү деген ой келбей койбойт. Эмне болгондо дагы соттук иштерди караган судьялардын аты-жөнүн тизмелерге чыгарса болмок.