Сот отурумуна прокурор формасыз катышты

добавлен 12 ноября 2021 12:45
просмотров 825

 

 

2021-жылдын 4-ноябрь күнү Баткен облустук сотунда кезектеги сот отуруму болуп өттү. Жазык иштер жана жоруктар жонундо иштер боюнча соттук коллегия томонку курамда болду: төрайым Кожобекова Г. Т., судьялар  Нарынбаев Т. П., Алимкулов Н. Х. Сот отурумунда КР КЖКнын 223-беренеси боюнча иш каралды. Сот отуруму ачык деп жарыяданды, катчы келгендер тууралуу маалымат берди. Процесс саат 11:00 гө белгиленип бирок кечигип башталды. Судья тараптардын өздүгүн тактоого өтүп, анда тараптардын жетишсиздиги маалым болду. Бул боюнча отурумга келген тараптардын пикири суралды.

Андан кийин прокурордун эмне үчүн форма кийбей келгени боюнча суралды. Ал ден-соолугуна байланыштуу жана бүгүнкү отурумга шашылыш түрдө чакырылып калгандыгын жүйөө келтирди. Ошондой эле коллегиялык курам уруксат жана тараптардан карышылык болбосо формасын кийип келүүнү өтүндү. Тараптар прокурордун формасын кийип келгенге чейин тыныгуу жарыялоо сунушуна каршылык билдиришкен жок. Ишти кайра кароо 2021-жылдын 4-ноябры саат 13:00 гө калтырды.

P. S.: Байкоочу: “Бул сот отурумунда мен байкаган нерсе прокурордун өз ишине болгон жоопкерчиликсиздик мамилеси. Кантип мамлекеттик айыптоочу сот отуруму бар экенин ошол күнү билет жана ага шашылыш түрдө чакырылышы мүмкүн. Бул нерсени бир сөз менен шылтоо деп атасак туура болот. Экинчи маселе отурум башталгандан кийин ар түрдүү шылтоону айтып “Мен ооруп жаткан болчумун, азыр бул акыбалда отурумга да катышсам оорууну башкаларга да жуктурушум мумкүн, уруксат берсеңиздер формамды кийип келсем”,- деген создөрдү да айтты. Ал муну менен сот отурумунда артка тартты. Сот отуруму башталганга чейин ошол ооруп жаткан прокурор сыртта “KOOM.KG” уюмунун байкоочусун да “Байкоочу болсо эмне кылайын? Байкоочу болсо өзүнө!”- деп тартипке кош көңул экендигин дагы бир көрсөттү.  Практикада прокурор сот отурумдарына формасыз келсе, ошол прокуратуранын жетекчилиги аны тартиптик жазага тартат”.