Кадамжай райондук сотунда мониторинг жургузулду

добавлен 26 октября 2021 15:34
просмотров 541

 

 

2021-жылдын 21-октябрь куну Кадамжай райондук сотунда судья Абдисаматов Г.А.  төрагалыгында “Баланын жашаган жерин аныктоо”, боюнча жарандык иши каралды. Сот отуруму саат 11:00 гө белгиленип бирок 11:20 да кечигүү менен башталды. Судья отурумду ачык деп жарыялады, катчы келген тараптар боюнча маалымат берди. Отурумга тараптар толук келди. Торагалык кылуучу жоопкерге сөз берип, иш боюнча тактоочу суроолорду узатты. Андан кийин арыз берүүчү тараптын ишенимдүү өкүлүнө сөз берилип, өздүгүн тактоочу суроолор берилди. Ошондой эле, тараптарга укук жана милдеттери да тушундурулду. Алдын ала соттук отурумда кандай укутарга ээ жана кандай маселелер каралышы тууралуу да судья тарабынан толук маалымат берилди. Жоопкер тарап каралып жаткан ишке тиркөө үчүн кошумча мектепте окуган уулунун түшүнүк катын судьяга тапшырды. Сот алдын ала соттук жыйналыш аяктаганын маалымдап, ишти кайра кароону 2021-жылдын 2-ноябрь саат 13:00 гө калтырды.