Соттук коллегия апелляциялык арызды канааттандырды

добавлен 26 октября 2021 15:14
просмотров 569

 

 

25-октябрь күнү Ош облустук сотунда жазык иштер жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында: төрагалык кылуучу Жобонов К. К., судьялар: Кубатов А. Э., Закиров С. Ж. Кара-Суу районунун сотунун 2021-жылдын 30-сентябрь күнү чыгарган токтомуна карата жаран К. Ж.нын апелляциялык арызын карады. Сот отуруму саат 10:15 коюлган жана өз убагында башталды.

Соттук коллегия процессти ачык деп жарыялады, катчы келгендер жөнүндө баяндады. Соттук отурумга аппеляцияга арыз берген жаран К. Ж.нын өкүлү А. Б. жана мамлекеттик айыптоочу келишти. Соттук коллегия тараптардын оюн угуп дагы бир ирет тараптардан иш боюнча сурады. Мамлекеттик айыптоочу ишти өзгөртүүсүз калтыруну сурады, ал эми  К. Ж.нын жактоочусу апелляциялык арызын канааттандырып берүүсүн суранды.

Сот кеңешме бөлмөсүнө чыгып, кайра аз эле убакыт өткөндөн кийин кирип соттун токтомун окуду. Токтомдо соттук коллегия жаран К. Ж.нын апелляциялык арызын канааттандырды.