Иш материалдары медиацияга жиберилди

добавлен 12 октября 2021 11:24
просмотров 494

 

 

2021-жылдын 4-октябрь күнү Кара-Суу райондук сотунда жарандык иштер боюнча караган судья Кенжебаев Н. Т. доогер Божиевтер менен жоопкер А. Ж. ортосундагы сатып алуу келишимин жокко чыгаруу боюнча сот отуруму саат 15:00гө дайындалган.

Сот отуруму өз убагында башталды. Төрагалык кылуучу Кенжебаев Н. Т. процессуалдык нормаларды сактоо менен ишти карап баштады.

Катчы сот отурумуна келгендер жөнүндө маалымдады. Сот отурумуна доогер Б. А., Б. Д., Б. М., А. Н., Б. М., Б. У., А. к. Г. алардын адвокаты жана жоопкердин адвокаты келишкен. Жоопкер А. Ж. өзү келген жок.

Төрагалык кылуучу Кенжебаев Н. Т. тараптардан өтүнүчтөрү боюнча сурады.Жоопкердин адвокаты доо арыз боюнча медиацияга мүмкүнчүлүк сурап жана иштин материалдарын медиаторлорго жиберүү өтүнүчүн келтирди.

Төрагалык кылуучу Кенжебаев Н. Т. жоопкердин адвокаты тараптан келтирген өтүнүч боюнча доогерлердин оюн сурады. Доогерлердин жарымынан көбү макул болуп, жарымынан азы каршы болушту.

Судья өтүнүчтү канааттандырып доогерлер тапкан медиаторго иштин материалдарын жиберишин айтты.

Судья Кенжебаев Н. Т. доогерлерге медиация эмне экенин, жана ал жол менен иш боюнча келише алышпаса кайра ишти сотто улантса болорун ирети менен түшүндүрүп берди.